Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 17-18-апрель күндөрү Республикалык семинар болуп өттү
Семинарга Республиканын Ысык – Көл, Чүй, Талас, Нарын, Жалал – Абад, Ош, Баткен областтарынын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары келип катышышты. Мындан тышкары Жалал – Абад Мамлекеттик Университетинин проректору, Ош Мамлекеттик Университетинин окуу-информациялык департаментинин директору, ф.-м.и.к., доцент Кожобеков К.Г. Билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүласал Садырбаева катышышты.
29.04.2014 2125 Кесиптик бирлик региондордоОш облусунун Ноокат районундагы «Жол кайгуул кызматынын жаш инспекторлору-2014» кароо сынагы
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2011-жылдын 14-мартындагы №178/1 буйругунун жана ички иштер министирлигинин 2011-жылдын 28-февралындагы №38 биргелешкен буйруктарына ылайык райондук билим берүү бөлүмүнүн жана балдардын чыгармачылык борборунун иш планынын негизинде “Жол кайгуул кыймылынын жаш инспекторлору-2014” кароо сынагынын райондук туру 2014-жылдын 25-апрелинде өткөрулду.
29.04.2014 1397 Кесиптик бирлик региондордоПервомай вдохновляет нас на созидательный труд во имя нашей Родины.
Первомай – это не просто праздник весны и труда. Это праздник исторически сложившийся как день борьбы трудящихся за свои права. Время новых испытаний в нашем Отечестве требует вспомнить, что главным оружием в борьбе за справедливость и социальные гарантии для рабочего или крестьянина, учителя или врача, инженера или ученого, студента или пенсионера, является солидарность. Первомай – это великий праздник единения всех, кто умом и талантом создает главные ценности на Земле.
29.04.2014 1667 Маалыматтык бюллетеньЭмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун иш-аракеттери
Эмгекти коргоо боюнча алгылыктуу иш-тайжырбаларды жайылтуу максатында профсоюздун борбордук комитети Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинде жогорку окуу жайлар үчүн, Ыссык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда, Талас областынын райондорунда, Нарын областынын Ат-Башы жана Нарын шаарында атайын окутуу-семинарлары уюштурду. Ошондой эле Бишкек шаарынын №88 жана №91 орто мектептеринде практикалык жардам көрсөтүү жана тайжырба алмашуу иретинде атайын жеринде көзөмөлдөө жүргүзүлдү
28.04.2014 2177 Маалыматтык бюллетеньОш облусунда «Жылдын мыкты мугалими 2014» кароо сынагынын облустук этабы болуп өттү
Жылдагыдан айырмаланып быйылкы «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо сынагына Мугалимдердин облустук профсоюз комитети 1- орунду алган мугалимге 2 адамга 12 күндүк жолдомо, 2- орунду алган мугалимге муздаткыч, 3- орунду алган мугалим кир жуучу машина белекке берилсе, ал эми калган катышуучуларга дагы өзгөчө баалуу белектер берилди. Биз мугалимдер менен биргебиз, аларды ар тараптан колдоону ар дайым колго алып келебиз. Биз мындан ары да сиздер мененбиз урматтуу мугалимдер - деди мугалимдердин областтык профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев
28.04.2014 1443 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ окутуучу-кызматкерлердин ден соолугуна кам көрөт
Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында окутуучу-кызматкерлер үчүн “Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү” борбору ачылды.
28.04.2014 1379 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалими -2014», «Жылдын мыкты тарбиячысы-2014» Чүй райондук конкурсу.
Чүй райондук билим берүү бөлүмү менен райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети «2014-жылдын мыкты педагогу» конкурсун уюштурду. Райондук конкурска 28 мектептен 7 мугалим, 5 бала бакчадан 4 тарбиячы катышууга арыз беришкен. Бардыгы 11 конкурсант катышышты. 1-турда предметтик сабактар жана предметтик класстан тышкаркы иштер боюнча сабактар көрсүтүлүп, 2-турда предметтик тестирлөө, 3-тур жыйынтыктоочу тур болуп өттү.
28.04.2014 1875 Кесиптик бирлик региондордоЗАЯВЛЕНИЕ ВСЕОБЩЕЙ КОНФЕДЕРАЦИИ ПРОФСОЮЗОВ В СВЯЗИ С ВСЕМИРНЫМ ДНЕМ ОХРАНЫ ТРУДА 28 АПРЕЛЯ 2014 ГОДА
Проводимый по инициативе Международной организации труда (МОТ) Всемирный день охраны труда в 2014 году проходит в год 95-летия со дня образования МОТ. Его главные цели остаются неизменными – усилить внимание к масштабным проблемам в сфере охраны труда, к необходимости внедрения передовых технологий в этой сфере, стимулировать активные действия по сокращению заболеваемости, связанной с производством, уменьшению травматизма и несчастных случаев со смертельным исходом.
28.04.2014 1591 Маалыматтык бюллетеньБала бакчалардын профсоюз уюмдарынын төрайымдарына усулдук жардам
2014-жылдын 10-апрель күнү Жоош айылдык округуна караштуу «Мөлтүр Тамчы» балдар бакчасынын базасында өткөрүлгөн профсоюз уюмдарынын төрайымдарынын катышуусунда семинар окуу болду. Азыркы учурда бала бакчасында 4 тайпада 120 бала тарбияланууда. Семинар- окууга райондогу 42 балдар бакчасынын профсоюз уюмдарынын төрайымдары толугу менен катышышты.
22.04.2014 1546 Кесиптик бирлик региондордо"2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө" жылына карата билим берүү кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгы
Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата билим берүү кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгын уюштурду. Маданий массалык иш чарага Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Алыбаев Т.А., Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим уулу Мирбек, Чүй райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Сооронбаева А.С., Чуй райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кибираева А.С. катышышты.
17.04.2014 1253 Кесиптик бирлик региондордоБорбордук комитеттин кызматкерлеринин Ат-Башы жана Жумгал районуна болгон иш сапары.
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин иш планы боюнча профсоюздун Ат–Башы жана Жумгал райондук комитеттеринин билим берүү мекемелиринде социалдык өнөктөштүктү жолго коюу аркылуу кызматкерлердин социалдык-экономикалык проблемаларынын чечилишине,эмгек мыйзамдуулуктарынын жана эмгекти коргоодо коомдук көзөмөл уюштуруу иштерин текшерип жана семинар өткөрүү максатында 31- марттан 5- апрелге чейин Борбордук комитетинин аппарат жетекчи А.А.Сагындыкова, Эмгекти коргоо жана социалдык маселелер боюнча башчы адис К.Н Ниязбеков командировкада болушту.
17.04.2014 1343 Маалыматтык бюллетень