КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2014-жылдын 15-октябры № 4380-V Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунуш кылынсын: "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо республика боюнча билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлин орточо айлык эмгек акыга этап боюнча жеткирүү менен, аны жогорулатуу үчүн зарыл финансылык каражаттарды 2015-жылдын 1-мартына чейин тапсын;
22.12.2014 2008 Ченемдик-укуктук актыларПремьер-министр КР представил коллективу центрального аппарата Минобразования нового министра Э.Сариеву
20 декабря, премьер-министр Кыргызстана Джоомарт Оторбаев представил коллективу центрального аппарата Министерства образования и науки нового министра Эльвиру Сариеву Представляя нового главу ведомства, Дж.Оторбаев сказал, что Э.Сариева отлично знакома с системой образования и науки, сообщает отдел информационного обеспечения аппарата Правительства КР.
22.12.2014 1424 Маалыматтык бюллетеньКара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жыл жыйынтыгын чыгарды
2014-жылдын 19-декабрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Пленуму болуп анда 2014-жыл ичинде аткарылган иштерге кеӊири анализ берилди.Кароо-сынакта көрсөтүлгөн 23 пунктту так аткаргандыгы үчүн Т.Өмүрзаков а.о.м профкому Абдувахапов Розубай жеӊүүчү болду. Кароо-сынактын жеӊүүчүсү болгон Абдувахапов Розубай, РПК тарабынан 5000 (беш миӊ)сом акчалай сыйлык жана 1 даражадагы ДИПЛОМ менен сыйланды.
22.12.2014 1036 Кесиптик бирлик региондордоЧүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясынын өткөрүлүшү боюнча маалымат
Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 16-декабрында өткөрүлдү. Конференцияга 42 делегат шайланган. 2 делегат белгилүү себептер менен катышкан жок, 40 делегат катышышты.
22.12.2014 1308 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин XXII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп, чакырылган 57 профсоюздук уюмдардан 45 делегат, профсоюз уюмдарынын төрагаларынан тышкары Борбордук комитеттин башкы адиси К.Ниязбеков, профсоюздун Нарын областык комитетинин координатору М.Курманкожоев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Садырбаевдер катышты.
17.12.2014 1255 Кесиптик бирлик региондордоБаткен обкомунун төрагасы Завиридин Бөтөков Лейлек районундагы «Баластан» балдар чыгармачылык борборунун эмгек жамааты менен болгон жолугуштан
2014-жылдын 16-декабрында Баткен областтык билим берүү профсоюзунун төрагасы Завиридин Бөтөков жана Лейлек райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Мамажанов, Лейлек районундагы «Баластан» балдар чыгармачылык борборунун педагогикалык жамааты менен жолугуп, Профсоюздун иш-аракеттери жөнүндө айтылып, коллективдеги көйгөйлүү маселелер талкууланды.
17.12.2014 1286 Кесиптик бирлик региондордоТоктогулдун 150 жылдыгына жаӊы мектеп
Ноокен районунун №40 Токтогул атындагы орто мектебинин жамааты жана окуучуларнын, ата-энелеринин кубанычы чексиз. Токтогул Сатылгановтун 150 жылдык юбилейлик жылында мектептин жаӊы 192 орунду имарааты жана спорттук залы, ашканасы пайдаланууга берилди.
16.12.2014 1348 Кесиптик бирлик региондордо«Алтын-Уя» балдарга эшигин ачты.
Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеӊешинин депутаттарынын демилгеси жана коомчулуктун колдосу менен жергиликтүү бюджеттен 1млн 132.200 сом, коомчулуктан 207200 сом жана айылдык кеӊештин депутаттарынын жеке салымы 24000 сом бардыгы 1млн 363400сом каражат жумшалып, 60 орундуу бала бакча ачылып ишке берилди.
16.12.2014 1361 Кесиптик бирлик региондордоОшТУда бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду
Ош технологиялык университетинде 5-декабрь күнү ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.
12.12.2014 1268 Кесиптик бирлик региондордоОб установлении норм командировочных расходов и порядке их возмещения
В соответствии со статьей 190 Трудового кодекса Кыргызской Республики Правительство Кыргызской Республики постановляет: 1. Установить следующие нормы возмещения расходов, связанных с командировкой работников в пределах Кыргызской Республики: - оплата суточных - 250 сомов за каждый день нахождения в командировке в регионах республики; 300 сомов - в городе Бишкек;
11.12.2014 6716 Маалыматтык бюллетеньОшМУнун илимий китепканасы адабият күнүн белгиледи
Ош мамлекеттик университенин илимий китепканасынын жамааты Искусство факультетинин концерттик залында 12-декабрь – Адабият күнүнө карата “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу күндөр бар” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече уюштурду. Кечеге адабият күйөрмандары, окутуучулар, студенттер жана китепканачылар катышышты.
11.12.2014 1964 Кесиптик бирлик региондордо