ОшМУда Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү 5 студенттин ар бирине 1200$ дан ыйгарылган “Атуулдук стипендияны” тапшыруу аземи болду
Ош мамлекеттик университетинде студенттерге стимул берген, суктандырган, шыктандырган, Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү стипендия болгон “ОшМУнун атуулдук стипендиясынын” 3- ыйгарылышы болду. Мында атайын комиссиянын чечими менен 27 талапкердин ичинен эң мыкты деп тандалып алынган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, мыкты окуган 5 студентке 100 доллардан жылына 1200 долларлык стипендияны ыйгаруу аземи болуп өттү.
11.12.2014 2082 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму болуп өттү.
Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму 2014-жылдын 9-декабрь күнү Баткен шаарында өткөрүлүп, отурумда төмөнкүдөй маселелер каралды: 1. жаштар кенешинин жобосуна толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү 2. жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн курамын толуктоо, 3. жаштар кенешинин 2015-жылга иш планы бекитүү.
11.12.2014 1518 Кесиптик бирлик региондордоИнновационные подходы в профсоюзной деятельности вуза по работе со студенческой молодежью, их социальной защите
Иннова́ция, нововведение (англ. innovation) — это внедрённое новшество, обеспечивающее качественный рост эффективности процессов . Современная динамика общественных отношений, заставляет и профсоюзную организацию идти в ногу со временем. Постоянно модернизируются подходы и методы работы со студенческой молодежью.
05.12.2014 3894 Маалыматтык бюллетеньКайрымдуулук акциясы жүрүүдө
Ноокен районунда декабрь айында кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп ден-соолугу, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга камкордук кылуу чаралары жүрүүдө. Ошондой эле иш чара 3-декабрь күнү Шайдан айыл аймагындагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде болуп өттү. Акцияга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Осмонов, орун басары Н.А.Бекжигитова, райондук ишкана, мекмелериден жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү, мектептин жамааты жана окуучулары катышты.
05.12.2014 1616 Кесиптик бирликтин жардамыОшМУда бириккен профсоюз комитетинин XXXIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду
Конференцияга 171 делегаттан тышкары КРнын Профсоюздар Федерациясынын төрагасы, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, Ош областтык Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев, ОшМУнун ректору профессор Каныбек Исаков, ОшМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Арап Анарбаев, Аялдар Кеңешинин төрайымы, Жаштар комитетинин төрагасы, факультеттердин декандары, структура бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер да катышышты.
05.12.2014 1649 Кесиптик бирликтин жардамыОшМУда билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар ыйгарылды
3-декабрь–майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар берилип, сый тамак уюштурулду. Ошондой эле Ош шаарындагы №5 орто мектепке жана Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаранга колдоо көрсөтүлдү.
05.12.2014 1526 Кесиптик бирликтин жардамыКара-Суу районунда отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү
Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин XIX отчеттук кайра-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 19-ноябрь күнү болуп өттү. Конференцияга 171 баштапкы профсоюз уюмдарынан 196 делегат шайланып, алардын ичинен 188 делегат катышты.
03.12.2014 1204 Кесиптик бирлик региондордоОшМУга манасчы Жүсүп Мамайдын вариантындагы «Манастын» 8 урпагы камтылган 8 томдугу тартууланды
Кыргыз Республикасынын УИАнын алдында басылып чыккан Жүсүп Мамай вариантындагы «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» 8 томдугун КРнын УИАнын алдындагы Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кызматкери Чолпон Субакожоева Ош мамлекеттик университетине тапшырды.
03.12.2014 1656 Маалыматтык бюллетеньОшМУнун аялдар Кеңеши “Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушуп, «Боорукердик» үйүндөгү аксакалдардан кабар алышты
ОшМУнун аялдар Кеңешинин төрайымы жана бардык факультеттердин аялдар кеңештери өз демилгелери менен «Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушту. Алгач аялдар Кеңешинин мүчөлөрү өз эсептеринен фондго 8000 сом акча каражатын жыйнашкан, ал каражатка кышкы жылуу кийимдерди алышып 24-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Боорукердик» үйүндөгү аксакал аталардан, энелерден кабар алышып, белектерин беришти.
03.12.2014 1293 Кесиптик бирлик региондордоПри зарплате в 2,5 тысячи сомов толку от учителей не будет
Ежегодно мы даем отчеты и показатели, просим о повышении заработной платы учителей и педагогов, но результата нет, заявил сегодня, 1 декабря, в ходе заседания парламентского комитета по бюджету и финансам председатель Федерации профсоюзов Асылбек Токтогулов. Все время нам припоминают, что в 2011 году было повышение заработной платы учителей. На данный момент зарплата педагогов составляет от 2 500 до 5 000 сомов.
03.12.2014 1274 Маалыматтык бюллетеньОШТОГУ 12 МЕКТЕП АКЫСЫЗ ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында шаардагы 12 мектеп акысыз интернет менен камсыздалуусу ишке ашууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
03.12.2014 1202 Кесиптик бирлик региондордо