Жаз майрамдары – ОшТУда!
Жаздын келиши менен 5 март “Ак калпак күнү” ОшТУда белгиленди. ОшТУнун патриот мырзалары 5 март күнү ак калпактарын кийип, шаардын көркүн ачты.
ОшТУда 5 март “ Ак калпак күнүндө”
ОшТУда 8-март “Аялдардын эл аралык майрамы” белгиленди!
Ош технохнологиялык университетинде 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанттуу майрамдык кече уюштурулду. Аталган иш чараны окуу жайда эмгектенишкен мырзалары жана студенттер тарабынан уюштурулган. Кеченин башында ОшТУнун ректору проф. А.Абидов айымдарды майрамы менен куттуктап, окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги жана окуу жайга кошкон салымдары үчүн баалу белектерди жана дипломдорду тапшырды.
ОшТУнун профсоюз комитети ОшТУда эмгектенген алдыңкы айымдарга баалуу белектерди тапшырды.
Кеченин экинчи бөлүгү ОшТУнун ЭжБФнын кызматкерлери тарабынан айымдардын көнүлүн көтөргөн концерттик программа менен уланып майрам ээлерине майрамдык маанай тартууланды.
8 март “Аялдардын эл аралык күнүнө” карата белек тапшыруу.
ОшТУнун кайнаткан сүмөлөгүнө роза гүлүнүн сүрөтү түштү!
Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты Нооруз майрамына карата атайын сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүн уюштурду. Нооруз майрамын өткөрүү боюнча жооптуу катары бекитилген Инженердик курулуш факультети менен №1 окуу корпусунун админстративтик чарба бөлүмүнүн эмгек жамааты 20-март күнү эки чоң казан асышып, жалпы жамаат түнү бою кайнатып чыгышты.
Сүмөлөк кайнатууда «Ыр кесе» уюштурулуп, студенттик жатакананын таланттуу студенттери концерттик программаларды тартуулашты.
ОштУнун профсоюз комитети тарабынан сүмөлөк кайнаткандарга белектер берилди.
21-мартта эрте менен кайнатылган сүмөлөктү ачуу аземи өткөрүлүп, буга ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов, ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин профкомунун төрагасы А.К. Арзыматов, ОшТУнун проректорлору, факультеттердин декандары жана аксакал агай-эжекелер да катышты. Өз сөзүндө окуу жайдын ректору Нооруз майрамы быйылкы жылы Ош технологиялык университетинде жогорку деңгээлде белгиленип жаткандыгын айтып, жалпы жамаатты майрамдык маанайда куттуктады.
Андан сон атайын куран окулуп, жакшылык тилеп, сүмөлөктөр ачылды. Кайнатылган эки казан сүмөлөктүн бетине роза гүлүнүн сүрөтү түшкөндүгүн айтышып, уюштуруучулар аны буюрса быйылкы жаңы окуу жылында университетте роза гүлүндөй көп ийгиликтер болот деп белгилешти. Белгилей кетсек, кайнатылган сүмөлөк окуу жайдын ар бир структуралык-бөлүмдөрүнө атайын тизме боюнча бөлүнүп берилди
Окутуучуларга жана келген конокторго кыргыздын улуттук оюндары ойнотулуп, женүүчүлөргө ОшТУнун профсоюз уюму баалуу белектерди тапшырып, ОшТУнун жалпы жамаатына майрамдык сый тамак уюштурду..
“Элибизде тынчтык болуп, мамлекетибиз өнүгүп өссүн”