Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Сузак районунун билим берүү кызматкерлери Алай районунун мектептеринде болушту

Сузак районунун билим берүү кызматкерлери Алай районунун мектептеринде болушту

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун билим берүү кызматкерлери жакында Ош областына караштуу Алай районундагы Отунчиев атындагы мектеп гимназиясында болушуп, педагогикалык жамааттын жаңы окуу жылына карата даярдыгынын абалы менен таанышышты, мугалимдер өз ара тажрыйба алмашышты.

 03.08.2018      803       Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуу убактылары туура пайдаланылууда.

Балдардын жайкы эс алуу убактылары туура пайдаланылууда.

Алтын-Балалык” балдардын эс алуу борборуна үчүнчү агымы жиберилди. Ага шаар мэри Мураталы Тагаев, шааркомдун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Мураталы Тагаев - келечек ээлери болгон балдардын билим алуусу менен бирге татыктуу эс алуусуна да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Бул агымда шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана билим берүү кызматкерлеринин жалпы 72 бала жиберилди.

 27.07.2018      1762       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунун мугалимдери райком профсоюздун колдоосу менен эс алууда.

Аксы районунун мугалимдери  райком профсоюздун колдоосу менен эс алууда.

2017-2018-окуу жылында Аксы районунун билим берүү уюмдарында жакшы күрсөткүч берген 20 мугалим Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин колдоосу менен 20-июлдан 25-илюлга чеийн «Ысык-Көл» эс алуу үйүндө көңүлдүү эс алышууда.Эс алып жаткан мугалимдер Аксы райондук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришет.

 27.07.2018      701       Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп жетекчилери, “Жыл мугалими -2018” райондук Кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жайкы эс алууда

Мектеп   жетекчилери, “Жыл мугалими -2018” райондук  Кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү  жайкы эс алууда

Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2017” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп жетекчилери, “Жыл мугалими-2018” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары Баткен-Бишкек-Чолпон-Ата -Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү.

 25.07.2018      829       Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары ысык-көлдө эс алышты

Ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары ысык-көлдө эс алышты

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулган экскурсияга 2018-жылдын 17-21- июль күндөрү Баткен районундагы мектептерде иштеп жаткан пенсионер мугалимдер менен баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – баштапкы кесиптик бирлик уюму-2017” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдөгү Илимдер академиясынын дем алуу үйүндө 3 күн эс алып келишти.

 25.07.2018      825       Кесиптик бирлик региондордо

«Жайлоодогу балдар бакчасына» ата-энелер ыраазы.

«Жайлоодогу балдар бакчасына» ата-энелер ыраазы.

Аксы районунда Ак-Суу айыл өкмөтүндө 2016-жылдан баштап Роза Отунбаеванын демилгеси менен «Жайлоо өнүгүү борбору» деген долбоордун алкагында «Балдардын жайлоо эс алуу» борборлору уюштурулган.2018-жылда да «Чер » жайлоосунда балдардын эс алуу борбору уюштурулду. Бул жайлоо бала бакчасында 3 агым менен 70 бала тарбияланууда.

 24.07.2018      952       Кесиптик бирлик региондордо

Областтык семинар Тогуз-Торо районунда өткөрүүлдү

Областтык семинар Тогуз-Торо районунда  өткөрүүлдү

2018-жылдын 16-17-18-июль күндөрү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан “Макулдашуулар аркылуу профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоону чечүүнү өркүндөтүүнүн жолдору” деген темада семинары Тогуз-Торо районунда өткөрүлдү.

 24.07.2018      899       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлердин балдары “Алтын –Балалык”лагеринде эс алып келишти.

Билим берүү кызматкерлердин балдары  “Алтын –Балалык”лагеринде эс алып келишти.

Жалал-Абад областынын Кара-Алма айылындагы “Алтын-балалык” балдарды жайкы эс алуу лагерине областтык комитет тарабынан болунгон жолдомонун негизинде Тогуз-Торо районундагы билим беруу уюмдарында эмгектенген билим беруу кызматкерлердин балдары 11-июлдан 21-июлга чейин 10-кун эс алып келишти.

 24.07.2018      1036       Кесиптик бирлик региондордо

«Жайлоо-балдар бакчасында көңүлдүү эс алуулар»

«Жайлоо-балдар бакчасында көңүлдүү эс алуулар»

Аксы районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүндө «Чер жайлоо балдар бакчасында» тарбиялык иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп,тарбиячылырдан башка дагы айыл аксакалдары,колунан көөрү төгүлгөн усталар,уздар,комузчу,ж.б.у.с. өнөрпоздор келип балдарыбызга сабак өтүүдө.Бүгүнкү күндө кыргыз элибиздин унутулуп бара жаткан каада-салттарын,улуттук оюндарын үйрөтүү менен бирге жомок,макал-лакаптарды жана кызыктуу аңгемелерди өтүү менен балдарыбызга кызыктуу сабак өтүүдө.

 24.07.2018      1106       Кесиптик бирлик региондордо

Элет жериндеги иштиктүү семинар

Элет жериндеги иштиктүү семинар

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин планына ылайык 17-18-июль күндөрү Тогуз-Торо районунда облустук көчмө семинар уюшкандыкта өткөрүлдү. Семинардын алкагында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Кожошов Айбек Карыбекович менен жолугушуу болуп өттү.

 24.07.2018      1239       Кесиптик бирлик региондордо

Создание попечительского совета

Создание попечительского совета

Комиссия по отбору формирования попечительских советов для государственных и муниципальных образовательных организаций Министерства образования и науки Кыргызской Республики, в соответствии с законами Кыргызской Республики «Об образовании», «О попечительском совете», типовым «Положением о попечительских советах в государственных и муниципальных общеобразовательных организациях Кыргызской Республики» объявляет о формировании и приеме заявлений в состав Попечительских советов образовательных организаций подведомственных министерству.

 24.07.2018      1194       Маалыматтык бюллетень