Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

“Сапаттуу билим берүүдө инновациялык окутуу усулдарын колдонуу” деген темада областтык семинар болуп өттy

“Сапаттуу  билим  берүүдө   инновациялык  окутуу  усулдарын  колдонуу”  деген  темада  областтык  семинар  болуп  өттy

2018-жылдын 31-мартында Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагындагы О.Абдрахманов атындагы орто билим берүү мектебинин базасында“Сапаттуу билим берүүдө инновациялык окутуу усулдарын колдонуу” деген темада областтык семинар болуп өттү. Семинарга Баткен областынын район, шаарларынан 70 мугалим катышты. Баткен областтык усулкана башчысы М.Абдирашитовна жана Кадамжай райондук администрациясынын башчысы Ж.Маматович, зам аким М.Мыйзамовна, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы Момошов Абдуалим Юнусалиевич, Кадамжай райондук усулкана башчысы М.Ганыбаев катышты.

 06.11.2018      998       Кесиптик бирлик региондордо

“Биз адам сатууга каршыбыз!”

“Биз адам сатууга каршыбыз!”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 21-июнундагы № 04-01/1770 сандуу катынын негизинде адамдарды сатууга каршы Ноокен райондук Координациялык кенешинин 2018-2019-жылга түзүлгөн иш планы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө реализацияланып, аткарууга алынды. Райондун бардык мектептеринде “Биз адам сатууга каршыбыз!” ураанынын алкагында башталгыч класстардын окуучуларына сүрөт, 5-7-класстардын окуучуларына дил баян сынактары өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

 05.11.2018      1471       Кесиптик бирлик региондордо

“Тарбия - билим башаты” аттуу уюштуруучулардын райондук семинары

“Тарбия - билим башаты” аттуу уюштуруучулардын райондук семинары

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылынын иш планынын негизинде 2018-жылдын 19-октябрында №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинде окуучулардын, жаш өспүрүмдөрдүн арасында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу максатында “Тарбия - билим башаты” деген темада тарбиялык иштердин уюштуруучуларына семинар өткөрүлдү. Семинарга 46 мектептин тарбиялык иштери боюнча уюштуруучулары, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору катышты. Окуучуларга “Адамга эң кыйыны- күн сайын адам

 05.11.2018      998       Кесиптик бирлик региондордо

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун  төрагаларынын эсине!

Тармактык министрликтин 2018-жылдын 5-январындагы  №31 буйругуна ылайык жалпы орто билим берүүчү мектептердин педагогдору алган адистиктери боюнча сабактары менен катар башка сабактарды да бере алышат, бирок андай шартта алардын кайра даярдоо боюнча атайын сертификаттары болуулары зарыл. Мына ушуга байланыштуу, 2018-2019-окуу жылында республикада жалпы орто билим берүүчү мектептерде педагогикалык ЖОЖ жана АООЖ окууларын улантуу менен иштеп жатышкан педагогдордун саны бир кыйла көбөйдү.

 02.11.2018      774       Маалыматтык бюллетень

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!

КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан профсоюздук ишмердикти жогорулатуунун каражаты катары тармактык профсоюздун бардык деӊгээлдеринде ички профсоюздук маалыматташууну өз убагында жүргүзүү, Борбордук Комитет жана бири-бири менен өз ара байланышуунун ыкчам аракеттерин көрүү, жогорку профсоюз органдарынын чечимдерин өзүнө баш ийген профсоюз органдарына жеткирүүнү камсыздоо, ошондой эле ресурстарды үнөмдөө максатында 2014-жылдын 1-февралынан тартып тармактык ички профсоюз иш кагаздарын электрондук алмашуу киргизилген (КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2014-жылдын 22-январындагы № 5 буюртмасы).

 02.11.2018      1028       Маалыматтык бюллетень

Адабий кече жана конкурс

Адабий кече жана конкурс

2018-жылдын 27-октябрында Лейлек районунун Хамза орто мектебинин Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектептин жалпы жаамааты тарабынан өзгөчө кыргыз тил мугалимдери, тарых мугалимдери тарабынан даярдалган 8,9,10,11-класстардын окуучуларынын катышуусу менен адабий кече жана конкурс өткөрүлдү. Окуучулар Лейлек районунун тарыхын,

 31.10.2018      950       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздар күнү

Профсоюздар күнү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмунун төрага, төрайымдарын Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Калчаев Ырысбек Өмүрзакович, Шааркомдун төрагасы Акунов Кеңешбек Жасыновичтер куттукташты. БПУнун алдынкы төрайымдарына шаардык комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланышты.

 31.10.2018      855       Кесиптик бирлик региондордо

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

     Кылмыштуулуктун  алдын  алуу  боюнча  семинар  өткөрүлдү

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагына караштуу Көк-Тал айылынын “Достук” орто мектебинде “Конфликт жана конфликтагендер” деген теманын негизинде 5-класстан, 11-класска чейинки окуучулар арасында семинар болуп, “Достук” орто мектебинин профкому Саматова Айнура окуучуларды кызыктырып маанилүү жана таасирдүү сөздөрү менен семинар өткөрдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер катышышты.

 31.10.2018      1305       Кесиптик бирлик региондордо

“Берекелүү алтын күз”

“Берекелүү  алтын  күз”

Кадамжай шаарындагы №4 “Росинка” балдар бакчасында “Берекелүү алтын күз” аттуу майрамдык кече өткөрүлдү. Майрам бала бакчанын чоӊ залында өттү. Майрамдык кечеге ата-энелер, меймандар, жогорку жана ортоӊку тайпанын балдары катышты. Тарбиячы мугалимдер жогорку жана ортоӊку тайпаны 2 командага бөлүп алып, кызыктуу оюндары менен мелдештирди. Балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, концерттик программаларын аткарып беришти жана айлана чөйрө, табият жөнүндө

 31.10.2018      1172       Кесиптик бирлик региондордо

“Лейлек районуна 90 жыл”

“Лейлек районуна 90 жыл”

2018-жылдын 25-октябрь күнү Лейлек районунун 90 жылдыгы жана И.Раззаковдун туулган күнү Исфана шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлүп, райондо жаңы курулуп бүткөн Тогуз-Булак айылында “Тогуз-Булак” орто мектеби жана Кара-Таш айылында “Лейлек Алтын-Таажы”, Мурза-Патча айылында “Агартуу” атту бала бакчалары КРнын премьер министри М.Д.Абылгазиев, КРнын ЖКнин депутаттары Т.Тиллаев, К.Орозова, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин статс катчысы Ж.А. Ташиев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен

 31.10.2018      1058       Кесиптик бирлик региондордо

Коопсуздукту камсыздоо иш-чарасы

Коопсуздукту камсыздоо  иш-чарасы

Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Жаш жол тескөөчү -2018» сынагы өткөрүлдү. Шаардын жетекчилери : мэриядан Боронбаев Н.А., ШБББнун жетекчиси Асилбек кызы Жыпара, ички иштер бөлүмүнөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнөн Таштанбеков К.А., Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн тескөөчүсү Осмонова А.Э.шаардын мектептеринын командалары катышты.

 31.10.2018      869       Кесиптик бирлик региондордо