Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Кара-Көлдөгү алгылыктуу иштер

Кара-Көлдөгү алгылыктуу иштер

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин иш планына ылайык обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов Кара-Көл шаарында болуп, методикалык күндөрдүн алкагында профсоз уюмдарына жардам берди. Алгач шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева менен баарлашып, шаар БББ, шаарком тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышты.

 30.10.2018      705       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде студенттик эстафета болду

ОГПИде студенттик эстафета болду

27-октябрь күнү ОГПИнин алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун (ЖЧБ) уюштуруусунда “Спорт – тездик, бийиктик, күчтүүлүк” деген ураандын негизинде спорттук эстафета оюну болуп өттү. Мында аталган борбордун мүчөлөрүнөн турган төрт команда ат салышып, кызыктуу спорттун түрлөрүнөн турган 5 оюн боюнча мелдешишти.

 30.10.2018      876       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде күзгү ишембилик...

ОГПИде күзгү ишембилик...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда ишембилик болуп, анда студенттер институттун имараты жайгашкан Н.Исанов көчөсүндө жана окуу жайдын айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Аталган ишембилик ОГПИнин Жаштар комитети жана “Жаратман” чыгармачылык борбору тарабынан демилгеленип, жүзөгө ашырылды. Эскерте кетсек окуу жайдын бардык факультеттеринде да байма-бай ишембиликтер уюштурулуп, айлана чөйрөнү

 30.10.2018      775       Кесиптик бирлик региондордо

“Башталгыч класстын окуу сабагындагы позитивдүү тартип” темасындагы тренинг

“Башталгыч  класстын окуу сабагындагы позитивдүү тартип” темасындагы тренинг

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Мерсико эл аралык уюму жана “Балдарды коргоо” эл аралык фонду менен биргеликте 2018-жылдын 27-июлунда түзүлгөн Меморандумдун негизинде жана балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн мугалимдерди окутуу максатында, КРББ жана ИМнин 2018-жылдын 4-октябрындагы №1239/1 буйругуна ылайык “Балдарды коргоо” эл аралык уюмунун “Балдардын тамак-ашын жана билим берүүсүн өнүктүрүү” долбоорунун “Башталгыч класстын окуу сабагындагы позитивдүү

 29.10.2018      792       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлер арасында спорттук иш чара өткөрүлдү

Билим берүү кызматкерлер арасында спорттук иш чара өткөрүлдү

“Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан райондогу билим берүү уюмдарында эмгектенген билим берүү кызматкерлери арасында 27-28-октябрь күндөрү спорттун “Волейбол”, “Стол тенниси”, “Аркан тартыш” боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук иш чарага райондогу билим берүү уюмдарынан айымдар арасынан 18 команда, мырзалардан 7 команда

 29.10.2018      702       Кесиптик бирлик региондордо

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!

Профсоюздун Борбордук Комитети жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жаңы 2019-финансы жылына карата жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча иштерди баштап жаткандыктары жөнүндө Сиздердин назарыңыздарды буруп коюуну туура таап олтурат. Бул мезгилде жергиликтүү кеңештер өздөрүнүн бюджеттерине жер-жерлерде КР “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарында жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине каралган социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү боюнча каражаттарды караштырышат.

 29.10.2018      857       Маалыматтык бюллетень

Каржылык сабаттуулук

Каржылык сабаттуулук

26-октябрда Бишкек гуманитардык университетинин профсоюздук комитети өлкөбүздөгү белгилүү банктардын бири “Айыл банк” менен биргеликте студенттердин катышуусунда "Каржылык сабаттуулук”- деген теманын негизинде чакан иш чара уюштурулду. Иш чара “Айыл банктын” кеңсесинде өткөрүлүп, окуу жайдын Экономика жана каржы факультетинин студенттери катышты. Мында, насыя берүү, каржыны туура колдонуу,

 29.10.2018      968       Маалыматтык бюллетень

Ноокеним менин мекеним, 90 жашта экенсин!

Ноокеним менин мекеним, 90 жашта экенсин!

2018-жылдын 26-октябрь Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Ноокеним менин мекеним, 90 жашта экенсин» аттуу окуучулардын илимий- практикалык конференциясы өткөрүлдү. Биринчи туру ар бир айыл аймакта өткөрүлүп жеңүүчүлөр райондук турга катышуу укугуна ээ болушту. Райондук турга төмөнкү окуучулар катышышты жана слайддар менен презентация жасашты.

 29.10.2018      1033       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы "Күзгү кросс" спорттук иш-чара

Таш-Көмүр шаарындагы

Шаардагы маданият үйүнүн алдындагы аянтчага бүгүн өзгөчө маанайдагы ар кесиптин ээлери чогулушту. Алардын чогулуусунун себеби "Күзгү кросс" марафонуна катышуучулар эле. Алгач ачылышы болуп, шаардын мэри Р.А.Асаналиев сөз сүйлөп куттуктады. Спорттун чеберлери, спортсмендерден сырткары мугалимдер, медиктер, аппарат жетекчилери, шаардын жетекчилери жана окуучулар катышышты. Алардын ден

 29.10.2018      698       Кесиптик бирлик региондордо

Спорт ден соолуктун булагы

Спорт ден соолуктун булагы

22-26- октябрь күндөрү Бишкек гуманитардык университетинин спорттук аянтчасында футбол боюнча студенттер арасында  мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук иш чарага жалпысынан 11 тайпа катышып өздөрүнүн татыктуу оюндарын көрсөтүштү. БГУнун профсоюздук комитети тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай байге жана дипломдор берилди. Жыйынтыгында студенттер ыраазычылыгын билдиришти.

 29.10.2018      993       Маалыматтык бюллетень

Лейлек районундагы өткөрүлгөн иш чаралар

Лейлек районундагы өткөрүлгөн иш чаралар

Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагына караштуу “Сары-Дөбө” орто мектебинде 2018-жылдын 19-октябрында Сабатуулук күнүнө карата кызыктуу иш чаралар, башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан даярдалган ачык сабактар өткөрүлүп, окуутунун жаңы ыкмаларына ылайык алиппе сабагынан колдонгон көнүгүүлөр көрсөтүлдү. Биринчи класстын окуучуларын китепкана менен тааныштырышты.

 29.10.2018      872       Кесиптик бирлик региондордо