Даамдуу тамак балдарга кубат
Кадамжай районундагы Халмион аймагына караштуу “Күн бала” балдар бакчасында Ашпозчулардын семинары болуп өттү. Семинарга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана бардык бала бакчанын ашпозчулары катышты.
08.02.2019 783 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-бала идеалы, баланын бактысы
Эртең менен көзүңдү ачып, таң шооласы менен учурашаар замат мугалимдин жолун карап, дүйнөнү эми таанып келе жаткан,жан дүйнөсү таза,көптөн көп үмүтү бар балдар элестейт. Үйүң деле, өз каныңан жаралган балдарың деле көзүңө илинбей ошолорго тез жетүунү самайсың. Мугалим жолду катар келе жатып он ойлонуп, он толгонот. Бала үчүн иштөө, баланын жашоосуна чыйыр салып берүү, жаңы инсандын башатынын көзун ачуу, коомдун жаңы агымынан тайбай тургандай кылып окутуу мугалим үчүн түйшүк эмей эмине? Ар бир сабак ак барактай дүйнөсү таза баланын сезимине булук салып, ойлонтуп, жан дуйнөсүн
07.02.2019 791 Кесиптик бирлик региондордоБаштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жыл жыйынтыгын жыйынтыкташты
Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жылдын жыйыгын чыгарышып мектептерде профсоюздук чогулуштарын өткөрүштү. Быйылкы 2019-жылдын иш пландары бекитилип,өткөн жылдын анализдери жүргузүлдү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан кабыл алынган иш пландар толугу менен аткарылып, мугалимдердин муктаждыктарын камсыз кылышты. Тактап айтканда мугалимдер бекер медициналык кароолордон өткөрүлдү. Ошондой эле профсоюздук уюмдар бош убакыттарын дагы максаттуу пайдаланышууда. Эс алуу үчүн атайын эс алуу бөлмөлөрү уюштурулуп,өнөктөштөр менен демөөрчүлөр тарабынан тиешелүү мебелдер,зарыл эмеректер менен жабдылууда.Профсоюздук иш чараларды сапаттуу уюштуруу менен биргеликте иштеп жаткандардын саламаттыгын чыңдоо,эс алдыруу жана эмгек
07.02.2019 690 Кесиптик бирлик региондордо“Коопсуз миграция”
2019-жылдын 1-февраль күнү Лейлек районунун Исфана шаар мэриясына караштуу У.Маткаримов атындагы №4 гимназия жатак-интернатында «Коопсуз миграция» деген темада семинар болуп өттү. Бул семинарга интернаттын педагогикалык жалпы жамааты, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын башчысы Н.С.Эралиева, социалдык жактан жарандарды коргоо боюнча ѳкүл Т.Алибеков, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, “Инсан Лейлек» коомдук фондунун юристи К.Карчыгабекова, Исфана шаар мэриясына караштуу мектептерден келген соц педагогдор жана окуучулар катышышты.
07.02.2019 896 Кесиптик бирлик региондордоКесип бирлик комитетинин кезектеги отуруму
Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Надыр Мамбетов мектебинде кезектеги кесип бирлик комитетинин отуруму болуп өттү. Отурумда 2018-жылда профсоюздун аткарган иштери, өткөргөн иш чаралардын мазмуну, материалдык жардамдар жөнүндө талкуу жүрдү. Кесип бирлик комитетинде 77 мүчө бар. Жыл ичинде майрамдарга карата кечелер, жайкы эс алуулар уюштурулган. Жаӊы 2019-жылга карата кесип бирлик комитетинин төрайымы Н.Тотоева иш пландарын түзгөн. Отурумда 2019-жылдын сметасы түзүлдү. Сметада каралган акча каражаты профсоюз мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусуна , майрамдарды өткөрүүгө , материалдык жардамга мукташ профсоюз мүчөлөрүнө жумшалат.
07.02.2019 688 Кесиптик бирлик региондордо«Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам»
2019-жылдын 31-январь күнү Лейлек районунда «Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам» аттуу райондук семинар Исфана шаар башкармалыгына караштуу Т.Жапаров атындагы орто мектебинде болуп өттү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, райондун мектептеринин директорлору жана социалдык педагогдору, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы , укук коргоо органдарынын, социалдык жактан коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор, айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп жалпысынан 150 киши катышты.
06.02.2019 2508 Кесиптик бирлик региондордоОГПИ – кичи максаттарды, чоң максаттарга айландырган мекеним
Саламатсыңбы! Дүйшөндөр учкан алтын уям. Ооба, кайрылып студенттик күндөрүмдүн баа жеткис элестерин көз алдыма чагылдырып, кучагыңда олтурган учурум. Убакыттын зымырап учкан куштай бат өткөнүн бүгүн билип турамын. Биринчи курска келген күндөрүмдө, керенгеси кенен окуу жайдын жүзүн тааныбай, жолдун алыстыгын артка таштап, бир айдын ичинде, бир нече жолу айылга барганымда, ар жолку сайын Атамдын “ушул жылы окуп көр, болбой калса өзүңдүн тандооң” деген сөзү мени окуу жай менен байланыштырды. Мына ошол күндөн тартып, келечекке жол ачкан төрт жылдык убактымдын баалуу мүнөттөрү өткөн окуу жайымды “мекеним” деп атоону туура көрдүм. Анткени сенден адамга эмне керек болсо баарын таптым. Эн негизгиси адамдык касиет, көөдөнү мээримге толгон агай-эжей, тубөлүктүү дос, өз тууганындай көргөн ага-эжелерди, өзгөлөрдү өзүндөй болуусун каалаган, жакшы сөз менен туура жолго салган улуу муунду таптым.
06.02.2019 720 Кесиптик бирлик региондордоСеминар. Угуп, көрүп, кулагыңа түйүп ал
Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинде 2019-жылдын 2-февраль күнү "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун негизинде шаардык масштабда семинар болуп өттү. Семинарга Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов А.Ж., Джапарова Н.М., Турдыева М. шаардык мектеп жетекчилери, окуу бөлүмүнүн башчылары, башталгыч класстын мугалимдери жана ата-энелер келип катышты.
06.02.2019 694 Кесиптик бирлик региондордо"Келгиле, окуйбуз!" долбоору жөнүндө учкай кеп
Окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоору Баткен облусунун Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан долбоорго катышкан мектептеринин директорлору, Окуу бөлүмүнүн башчылары, китепкааначылар жана башталгыч класстын мугалимдерин тренерлер Н.М. Жапарова жана М. Турдыевалардын жетекчилигинде долбоор ийгиликтүү окутулду.
06.02.2019 854 Кесиптик бирлик региондордоБАЛДАРДЫН ТАРБИЯСЫ-ЭРТЕӉКИ КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ (КИТЕП ОКУУ)
Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейде 30-январь күнү "Балдардын тарбиясы-эртенки коомдун келечеги». Китеп окуу - деген темада энелер мектебинин сабагы лицей жетекчиси Б.К.Базарбаева жана соцпедагог К.М.Исманова тарабынан өтүлдү. Энелер мектебинин катышуучулары бала тарбиялоо боюнча ойлорун кызуу талкуулап ортого салышып, активдүү катышты. Кезектеги сабака тапшырма берилип, сабак жыйынтыкталды.
06.02.2019 959 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ
2019-жылдын 1-февралында Баткен мамлекеттик университетинин окуу түзүмдүк бөлүктөрүнүн профсоюз уюмдарынын башын бириктирген бириккен профсоюз комитети Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде уюштурулду. Уюштуруу конференциясына , Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, БатМУнун ректору А.Зулпуев, БатМУнун профсоюз уюмунун төрайымы Л.Эшалиева жана БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүктөрүнөн делегат болуп шайланган 33 адам катышты.
05.02.2019 621 Кесиптик бирлик региондордо