Асмандан жарык көрсөң кыргыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил

Жылдагыдан шаңдуу,кыргыз күүлөрү тоо жаңыртып,улан-кызга патриоттук сезимиңди оргуштаткан керемет чакырыктар менен коштолуп Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүнүн алдындагы негизги аянтчага жетекчилер баш болуп койкойгон ак калпак кийишип көчө аралай эки тарап бетме-бет келип токтошту.Шаарыбыздын мектептеринин тарых мугалимдери жана кыргыз тили мугалимдери ак калпак таржымалын баяндап беришти.Шаарыбыздын тургундарын,конокторун “Ак калпак күнү”менен шаарыбыздын мэри,жергиликтүү кеңештин төрагасы баштаган инсандар куттуктоолорду айтышып,маареке жалпы флешмоб менен жыйынтыкталды.
14.03.2019 794 Кесиптик бирлик региондордоЗаседание комитета ЕКПО

11-12 марта 2019года в Брюсселе ( Бельгия) проходит очередное заседание Европейского Комитета Профсоюзов Образования, в работе которого принимает участие Председатель профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики - Асылбек Токтогулов. В ходе заседания будут рассмотрены вопросы Комитета по положению женщин и организованы публичные слушания по теме «Формирования будущего Европы вместе с преподавателями».
12.03.2019 822 Маалыматтык бюллетень8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттук иш чара өткөрүлдү

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде мугалимдер арасында “Кана эмесе эжелер” деген темада көңүлдүү старт 7-март күнү мектептин спорт залында өткөрүлдү. Спорттук иш чарага жалпы 6 команда катышып, жеңүүчү командаларга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты. Майрамга карата спорттук иш чараны уюштуруп бергендиги үчүн мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.
12.03.2019 815 Кесиптик бирлик региондордоСеминар «Менеджмент университета на основе международных правил» в КГУСТА
В Кыргызском государственном университете строительства, транспорта и архитектуры им. Н.Исанова 4-6 марта проводится обучающий семинар для повышения квалификации руководителей подразделений «Менеджмент университета на основе международных правил – ISO 9001:2015 Как готовить грамотных специалистов со студенческой скамьи востребованных на рынке», который будет проходить в рамках внедрения СМК. Настоящий международный стандарт и ISO 90001 будет использован для помощи в разработке целостной СМК. На этом семинаре участвуют 70 руководителей подразделений КГУСТА им.Н.Исанова.
12.03.2019 821 Маалыматтык бюллетеньВсемирный женский день
В Большом актовом зале КГУСТА им.Н.Исанова проведено праздничное мероприятие, приуроченного Всемирному женскому дню 8-марта. Женский коллектив университета поздравил ректор КГУСТА Абдыкалыков А.А. В честь 8 марта за многолетний и добросовестный труд в деле подготовки кадров были вручены почетные грамоты университета профессорско-преподавательскому составу. Профком КГУСТА активно принял участие в праздничном мероприятии. Поздравление завершилось праздничным концертом творческих коллективов университета. Преподаватели и студенты Института транспорта и экологии представили сценку и музыкальные номера.
12.03.2019 757 Маалыматтык бюллетень8-март “Айымдардын эл аралык күнү”

8-март “Айымдардын эл аралык күнү” Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кесиптик бирлик комитетинин “Куттуктоо кербени” аталышындагы жагымдуу саамалыгы менен башталды. Себеби жылдагыдан өзгөчөлөнүп, Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жумабеков Кубанычбек Сатарович университеттин баардык окуу имаратындагы кафедралардын эмгек жамаатын таң эрте жумуш ордуларына барып куттуктап, күтүлбөгөн кубаныч тартуулады. Иштерине ийгилик каалап, университетте алардын орду чоң экендигин баса белгилеп кетти. Албетте, мындай күтүүсүз, жагымдуу куттуктоо айымдардын майрамдык маанайын бийик көтөрдү. Тактап айтканда 74 кафедранын айымдары Кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын куттуктоосуна таң эрте жумуш ордуларында ээ болушту.
12.03.2019 1371 Маалыматтык бюллетеньОГПИнин “Эмгек сиңирген ишмери” наамы 88 жаштагы жетекчиге ыйгарылды
Ош гуманитардык-педагогикалык институтун 1966-1970-жылдары жетектеген Салимбаева Канада Кадыровна окуу жайда конокто болуп, жамаат менен жолугушту. Жолугушуу институттун чоң залында ректор Б.Б.Зулуев баштаган эмгек жамааттын жана студенттердин катышуусунда болуп, мында окуу жайдын жана билим берүүнүн тарыхы, бала окутуунун, тарбиялоонун актуалдуулугу жана жеке инсандык калптануу тууралуу жакындан баарлашуу жүрдү.
12.03.2019 892 Кесиптик бирлик региондордоПервый праздник весны!

Чуйский районный и городской комитет профсоюза на базе школы- гимназии №1 г.Токмок провели праздничное мероприятие , посвященное 8-Марта. С поздравительным словом выступили председатель РКП Наматов С.Ж., председатель ГКП Жумалиева Д.Р. и заведующая ЧТОО Кибираева А.С. Всех руководителей образовательных организаций поздравили с праздником и порадовали концертной программой дети ДОО№5, ошл№11 и народный ансамбль «Жылдыз». Самым приятным моментом было вручение подарков , сделанные руками детей ЦДЮТ . Традиционно профсоюз поздравил и вручил всем подарки.
12.03.2019 768 Маалыматтык бюллетеньБАТКЕН ОБЛАСТЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү жана областтагы тармактык профсоюз комитеттери менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата 2019-жылдын 7-мартында Баткен шаарында областтык деңгээлде сый көрсөтүлдү. Бул салтанаттуу аземге жалпы 150 дөй аялдар катышып, алардын ичинен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык райондук, шаардык комитеттеринин сунушу менен билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 55 алдынкы мугалим, тарбиячылар катышты. Майрамдык дасторкон Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулса, баалуу белектерди тармактын профсоюздары тарабынан даярдалды.
12.03.2019 683 Кесиптик бирлик региондордо"Келгиле окуйбуз" Лейлек районунда

2019-жылдын 2-март күнү , Лейлек районунун Самат атындагы орто мектебинде "Жаш- Тилек" орто мектебинин, Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин, "Беш-Бала" башталгыч мектебинин, Дыйканбай Жороев, Самат атындагы орто мектептеринин 2-4-класстарынын окуучуларынын, энелеринин, мугалимдеринин, коомчулуктун катышуусунда USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун элементтерин камтыган 8-март “Аялдардын Эл аралык күнүнө карата "Эне мээрими баарынан күчтүү" аттуу фестиваль болуп өттү.
12.03.2019 1127 Кесиптик бирлик региондордоБүткүл эл аралык 8 - март айымдар майрамы

2019-жыл 6- март күнү бүткүл эл аралык 8-март айымдар майрамына карата Токтогул районунун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин мекемесинин айымдар жааматына, мааракенин ээлери, ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болгон аял затына Токтогул районунун профсоюз комитетинин демилгеси менен кичи отуруш уюштурулуп берилди. Бул кечени Токтогул профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова биргеликте ачык деп жарыялап
12.03.2019 754 Кесиптик бирлик региондордо