Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

“Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болу өттү

“Америкалык   ырлар   2019  конкурсунун”  жарым  финалы  болу  өттү

2019-жылдын 17-мартында Кадамжай шаарынын маданият сарайында “Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болуп өттү. Конкурска Кадамжай районунун 18 мектебинен окуучулары АКШ ырчыларынын, музыканттарынын жана композиторлорунун ырларын аткрышты. Он конкурсант финалдык турга тандалып алынды. Жюрилер курамы төмөнкүлөр К.Галмаматова Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти. Жон Амос Поликарпе “Чек арасыз докторлор” Эл аралык уюмунун доктору. Г.Кадырова “Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртууга коомчулукту тартуу” проектисинин консультанты. Финалдык турга тандалып алынган 10 конкурсант окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белек берилди.

 22.03.2019      631       Кесиптик бирлик региондордо

КГУСТА им. Н.Исанова прошел День открытых дверей

КГУСТА им. Н.Исанова прошел День открытых дверей

16 марта 2019 года В КГУСТА прошел День открытых дверей, мероприятие посетило более 200 школьников Бишкека и Аламединского района Чуйской области. Во время регистрации гостям были вручены буклеты и информационные листы университета. Мероприятие открыл Ректор КГУСТА профессор, доктор технических наук А.Абдыкалыков. В своем выступлении он коснулся истории создания вуза, рассказал о правоустанавливающих документах образовательной организации, о состоянии ее материально-технической базы, о педагогическом составе, о социальной поддержке студентов во время учебы и ответил на вопросы присутствующих. Затем выступили успешные выпускники и лучшие студенты КГУСТА. Далее гостей ждала концертная программа творческих коллективов ВУЗа, презентация институтов, экскурсия по университету. Школьники и гости посетили учебные классы, лаборатории. Активное участие в организации мероприятия принял Профком университета.

 22.03.2019      1052       Маалыматтык бюллетень

Сузакта илимий конференция болуп өттү

Сузакта илимий конференция болуп өттү

Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Өлкөнү санариптештирүүдө, билим берүү системасынын өнүктүрүү иш аракеттеринин сапатын жогорулатууда аялдардын ролу” аттуу илимий конференция болуп өттү. Илимий конференцияга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.А.Омошев, акимдин орун басары Абибова Л.С. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев С.К. жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиевдер катышып, айымдардын майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин билдиришти.

 22.03.2019      684       Кесиптик бирлик региондордо

Поздравляем команду КГУСТА по женской борьбе за занятое 1 место Универсиады КР 2019 года

Поздравляем команду КГУСТА по женской борьбе за занятое 1 место Универсиады КР 2019 года

Команда КГУСТА по женской борьбе заняла 1 место в общекомандном зачете Универсиады КР 2019 года. Желаем членам команды и тренерам крепкого здоровья и дальнейших побед. Тренеры преподаватели кафедры «ФВ» Момунова Мээрим Калыбековна, Төрөгелдиева Зарема Есенкуловна.

 22.03.2019      1011       Маалыматтык бюллетень

Сузак районундагы мектептерде Нооруз майрамы өткөрүлүүдө

Сузак районундагы  мектептерде Нооруз майрамы өткөрүлүүдө

Сузак районуна караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде  “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мектептерде өткөрүлүп жаткан иш-чараларда улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын жана мугалимдердин аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер болду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жасалышы кеңири айтылды.

 22.03.2019      909       Кесиптик бирлик региондордо

Мастер-класс «Эффективное трудоустройство»

Мастер-класс «Эффективное трудоустройство»

"Не всегда работодатели сами проявляют инициативу и чтобы быстрее найти работу нужно обратить на себя внимание. Как это можно сделать?"- С такого вопроса и начался мастер- класс "Эффективное трудоустройство" для студентов КГУСТА им Н Исанова, организованный Центром Маркетинга и Развития карьеры КГУСТА, Институтом экономики и менеджмента и сайтом по трудоустройству Job.kg.

 22.03.2019      775       Маалыматтык бюллетень

Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинде ачык эшиктер күнү болуп өттү

Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинде ачык эшиктер күнү болуп өттү

2019-жылдын 18-март күнү Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу тарбия комплексинде “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата ачык-эшиктер күнү болуп өттү. Иш чарада кыргыз тили, англис тили жана башталгыч класстардын ачык сабактары интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өтүлдү.

 22.03.2019      738       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата райондук семинар өткөрүлдү

Сузакта “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата райондук семинар өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагына катышууга карата райондогу профсоюздун баштапкы уюмдарынын төрага (төрайымдары)лары үчүн райондук семинар өткөрүлдү.

 22.03.2019      754       Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамына карата "Кыз жигит-САРМЕРДЕН" таймашы

Нооруз майрамына карата

И.Арабаев атындагы КМУнун бардык курамдык бөлүктөрүндө Нооруз майрамына карата иш чаралар өткөрүлүүдө. Гуманитардык билимдер факультетинде салык кафедрасына караштуу жигиттер командасы орус тили кафедрасынын кыздары менен улуттук "сармерден" маданий сынагында мелдешти. Бул эки команданын болочок кесиптери исскуство, музыка, маданиятка түздөн түз тиешеси жок болсо дагы комуз ойноп, Манас айтып, кыргыз бийин бийлеп көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толушту. Эли ичи -өнөр кенчи деп бекеринен айтылбаса керек. Бир упай айырмачылык менен кыздар жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышкандарга грамоталар тапшырылды. Иш чараны жогорку деңгеелде даярдаган чет тилдер кафедрасынын профбюро төрайымы Нурия Сманалиевнага ыраазычылык грамотасы тапшырылды.

 22.03.2019      1022       Маалыматтык бюллетень

БАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАШ МУГАЛИМДЕР” МЕКТЕБИ ТҮЗҮЛДҮ

БАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАШ МУГАЛИМДЕР”  МЕКТЕБИ ТҮЗҮЛДҮ

“Жаш мугалимдер” мектеби 2019-жылдын 28-февралында алгачкы “Мугалим мектеп жүрөгү” аттуу иш чарасын өткөрүп, ага Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.А.Ааламбекович шаардагы мектеп жетекчилери жана жаш мугалимдер катышты. Өз сөзүндө Абдилла Ааламбекович жаш мугалимдерди колдоо аларга шык берүү зарылдыгын белгилеп, “Жаш мугалимдер” мектебине ийгилик каалады.Ошондой эле шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Мактым Калыкова жаш мугалимдерди ишмердигин колдоо максатында биргеликте тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынды.

 22.03.2019      1063       Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамыңыздар менен!

Нооруз майрамыңыздар менен!

Чыгыш элдери күн менен түн тогошкон 21-мартты Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келе жатышат. Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын түрү менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп

 19.03.2019      2651       Маалыматтык бюллетень