Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

В Кыргызстане за 3 года планируется увеличить финансирование науки в 11 раз, - замминистра образования

В Кыргызстане за 3 года планируется увеличить финансирование науки в 11 раз, - замминистра образования

На заседании совета по науке при премьер-министре был поставлен вопрос, чтобы в течение следующих 2-3 лет довести финансирование науки в Кыргызстане до 1% от ВВП, то есть надо увеличить его в 11 раз. Об этом 11 ноября в эфире «Биринчи радио» сообщил заместитель министра образования и науки, директор департамента науки Батыркул Баетов. По его словам, сейчас финансирование науки составляет 0,09% – это в 11 раз меньше, чем 1%, который зафиксирован по закону.

 15.11.2019      774       Маалыматтык бюллетень

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

В целях совершенствования оплаты труда работников образовательных организаций, материального стимулирования и создания условий для повышения результативности и качества работы педагогических работников, в соответствии со статьями 10 и 17 конституционного Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики" Правительство Кыргызской Республики постановляет:

 14.11.2019      4083       Ченемдик-укуктук актылар

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Настоящий Закон устанавливает принципы государственной политики в области образования, осуществления образовательного процесса, деятельности образовательных организаций, получения образования в Кыргызской Республике, а также служит правовой базой их реализации.

 14.11.2019      2750       Ченемдик-укуктук актылар

«Улууларга урмат»

«Улууларга урмат»

Ысык-Ата районунун Ч.Айтматов атындагы Ивановка № 1 мектеп-гимназиясында мамлекеттик кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата "Улут болсом – тилим менен улутмун" аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чаранын башында октябрь айы бою баштапкы профсоюздук уюмдарда салтка айланып калган карылар күнүнө карата куттуктоолорду жыйынтыктап билим мекемелеринде азыркы учурда иштеп жатышкан 70 жаштан ашкан 34 мугалим ардактуу коноктор катары чакырылып, райондук профсоюздук комитети даярдаган белектер тапшырылды. Кыргыз тили жөнүндө ар кыл маалымат берилип, окуучулардын ыр-бийи менен коштолду.

 14.11.2019      712       Маалыматтык бюллетень

Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним!

Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним!

2019-жылдын 6-ноябрында Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним” аттуу баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагаларынын иш чарасы болуп өттү. Белгилей кетсек, №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Ж.Аманбекова 2018-жылда тармактык профсоюздук кароо-сынактын республикалык турунда гран принин ээси болгон.

 12.11.2019      698       Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда жаңы мектеп ачылды

Чаткалда жаңы мектеп  ачылды

5-ноябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 100 орундуу жаңы имаратынын ачылыш салтанаты болду. Салтанат учурунда мектепти колдоо боюнча марафон өтүп, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын эмгек жааматтарынан жана жергиликтүү калктан 150 миң сом акча каражаты жана 6 баш майда жандык түштү. Марафондон түшкөн каражаттар мектептин кем-карчына жумшалмакчы.

 12.11.2019      825       Кесиптик бирлик региондордо

Тарых жана Ата Бабаларды эскерүү

Тарых жана Ата Бабаларды эскерүү

Бүгүн, 2019-жылдын 6-ноябрь күнү, ЖАМУнун баштапкы профсоюз уюмунун жетекчилигинин уюштуруусу боюнча  Медицина факультетинин “Фармация” адистигинин  студенттери менен   “Тарых жана Ата Бабаларды эскерүү күнүнө” карата атайын иш чара өткөрүлдү. Иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдоо менен расмий түрдө башталып, аны “Фармация” кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М.Орозбаева ачып берди. Конференцияда тарыхый сүрөттөрдүн көргөзмөсү коюлду. Студенттер тарабынан даярдалган докладдар окулуп, слайддар көрсөтүлдү. Талкууларды жараткан суроолорго  жооптор айтылып,  мазмундуу маалыматтарды алган катышуучулар иш чараны уюштурган баштапкы профсоюз уюмунун уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдиришти.

 12.11.2019      646       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарынын окуучулары Эл аралык олимпиадаларда!

Жалал-Абад шаарынын окуучулары Эл аралык олимпиадаларда!

Турция мамлекетинин Анталия шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан таптып 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты.

 11.11.2019      618       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде Искак Раззаковдун туулган күнү белгиленди

Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде Искак Раззаковдун туулган күнү белгиленди

Райондун билим берүү мекемелеринде белгилүү коомдук ишмер Искак Раззаковдун туулган күнү ар кандай майрамдык, спорттук иш чаралар, ачык сааттар  уюштурулуп белгиленди.   Мисалга алсак, Кулунду айыл аймагындагы Искак Раззаков атындагы орто мектебинде райондун окуучуларынын арасында кыргыздын улуттук “Тогуз коргоол” оюну боюнча райондун биринчилиги Раззаковду эскерүү, туулган күнун белгилөө, өспүрүм балдар арасында оюнду кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү, окуучулардын достугун чыңдоо, ынтымакка чакыруу максатында өткөрүлүп, мелдешке төрт бала, төрт кыздан турган командалар катышып, жыйынтыгында балдар жана  кыздар командасынан  Раззаков атындагы орто мектебинин окуучулары биринчи орунду камсыздай алышты.

 11.11.2019      609       Кесиптик бирлик региондордо

ДНИ ИСТОРИИ И ПАМЯТИ ПРЕДКОВ

 ДНИ ИСТОРИИ  И ПАМЯТИ ПРЕДКОВ

7 и 8 ноября объявлены в Кыргызстане официальными праздничными Днями истории и памяти предков, о чем соответствующий Указ подписал президент Республики 26 октября 2017 года.    До начала 1990–х годов 7 ноября — День Великой Октябрьской Социалистической революции — был главным праздником Советского Союза (в состав которого входила Киргизская ССР), и отмечали его в СССР целых два дня — 7 и 8 ноября. Все эти годы День 7 ноября — «красный день календаря» — отмечался военным парадом и демонстрацией трудящихся на центральной площади, площадях областных городов. Но история праздника закончилась с распадом СССР.

 06.11.2019      1408       Маалыматтык бюллетень

«Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн»

           «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн»

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында 2019-жылдын 5-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн» деген темада райондун мектептериндеги жана бала бакчаларындагы жаш профсоюз лидерлери, жаӊыдан шайланган профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн райондук деёгээлдеги семинар өткөрүлдү. Семинарды Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов ачып, профсоюздар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндө семинардын катышуучуларына кенири маалымат берди. Семинардын күн тартибиндеги «Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун укуктары жана милдеттери», «Лидерлик жана оратордук сапаттын өзгөчөлүктөрү», «Профсоюздук кызматкердин этикасы» жөнүндө, «Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери» деген темалар боюнча материалдар Өзгөн РПКнын инспектору А.Бөлөкбаев тарабынан слайд аркылуу көрсөтүлүп, түшүнүк берилди.

 06.11.2019      689       Кесиптик бирлик региондордо