Круглый стол «Социальные преобразования через активное вовлечение Профсоюзов в Европейскую и Международную политику»
Председатель ЦК профсоюза работников образования и науки КР – Асылбек Токтогулов и председатель Иссык-Кульского райкома профсоюза – Урбаев Улан приняли участие в работе круглого стола «Социальные преобразования через активное вовлечение Профсоюзов в Европейскую и Международную политику», который прошел 28-30 октября 2019г в Тбилиси ( Грузия) В этом мероприятии приняли т участие представители профсоюзов работников образования стран Восточной Европы и СНГ, которые поделились опытом и разработали основы для общего стратегического подхода. За круглым столом будут обсуждаться следующие темы:
06.11.2019 846 Эл аралык кызматташтык“Саякбай Манас айтканда”
Улутубуздун сыймыгы болгон улуу “Манас” эпосу кылымдан-кылымга, укумдан –тукумга, атадан-балага сакталып келе жатат. Анткени “Манас” кыргызды кылымдар бою өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кездеринде да элдин башын бириктирип дем берген касиеттүү кудурет күч. Мына ушул касиеттүү кудурет күчүбүз, улуу эпосубуз- эне-тилибиздин алтын казынасы десек жаңылышпайбыз. “Манас” “Өнөр алды кызыл тилдин” же болбосо “Тилим кыргыз, урааным Манастын” эң жогорку үлгүсү. Ушул эпостун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тил мыйзамынын кабыл алгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата уюштурулган кыргыз тилинин өркүндөп өнүгүүсүнө теңдешсиз салымын кошкон эл уулу Саякбай Каралаевдин 125 жылдык салтанатына арналган “Саякбай Манас айтканда” деген темадагы адабий көркөм музыкалык иш- чара болуп өттү. “Өзгөнү унутсам да, өздүгүмдү, ата-тегимди, тилимди, дилимди унутпайм” деген ураанды бекем туткан Камбарова Саткын эжеке жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жетектеген иш-чара.
06.11.2019 621 Кесиптик бирлик региондордоТуӊгуч президент А.Орозбеков балдардын жүрөгүндө
Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагындагы «Ак-Тилек-2» балдар бакчасында А.Орозбековдун 130 жылдыгына карата «Тунгуч президент А.Орозбеков балдардын жүрөгүндө» аттуу иш чара өтккөрүлдү. Иш чарага айыл өкмөттүн орун басарлары, Кадамжай райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн методисттери жана тарбиячылыр катышты. Иш чара Кадамжай райондук профсоюз комитетинин демилгеси менен жогорку денгээлде өттү.
06.11.2019 676 Кесиптик бирлик региондордоАла-Бука районунда жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду
Ала-Бука районунда 31-октябрь күнү жаштар үчүн жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду.Кичи футбол сарайын райондун жеке ишкери Парпиев Таалай өзү каржылап ишке берди. Ачылуу аземинде райондук администрациядан, жергиликтүү кеӊештен, райондогу аксакалдардан,мекеме уюмдардан өкүлдөр куттукташып мындан ары ушул спорт залда машыккан жаштарга ийгилик терди каалап өтүштү. Райондун айылдарынан командалар келип кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү мелдешке билим берүү тармагынан да бир команда катышып жыйынтыгында экинчи байгелүү орунду камсыздады. Жыйынтыгында Ж.Дурусалиев 35 жашка чейинки спорттук иш чаралар көп өткөрөлүп жүргөн болсо бүгүн кичи футбол боюнча биринчи жолу өткөнүнө токтолуп мындан ары үзгүлтүкө учурабай жылына бир жолу ушундай иш чара унтылса деген сунушун берип ийгиликтерди каалады.
06.11.2019 565 Кесиптик бирлик региондордоБакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү
Бакай-Ата районундагы Жунусов атындагы орто мектебинде тармактык баштапкы профсоюздук комитеттеринин төрагалары менен «баштапкы уюмдарда профсоюздун-уюштуруу иштери» деген темада семинар уюштурулуп, 28-октябрь күнү өз ишин семинар 10.30 да баштап, 16.30 да аяктады.Семинардын ишине КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М. Кадыркулов, Профсоюздун Кара-Буура райкомунун төрайымы Абдыжапарова Р.М., Профсоюздун Бакай-Ата райкомунун төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Солпиев, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Сманова, жетектөөчү адиси Н.Сулайманкулова жана Бакай-Ата райкомунун казначейи В.Орозовалар катышышты. Семинарда Б.Кадыркулов слайд менен кеңири түшүндүрмө берип өткөрдү. Семинарда Б.Кадыркулов өзгөчө профкомдун алдындагы комиссиялардын иштерине, профкомдордун мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары менен милдеттерине, профкомдун иш пландарын түзүү жана аткарылышына токтолду.
04.11.2019 622 Маалыматтык бюллетеньКонкурс жыйынтыкталды
Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата Кочкор районундагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин арасында улуу инсандын ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюу боюнча конкурстун финалдык туру жыйынтыкталды.
04.11.2019 550 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" атуу семинар өткөрүлдү
2019- жылдын 26- октябрында Лейлек районунун "Кара-Булак" орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" аттуу райондук семинар болуп өттү. Семинардын максаты жаш мугалимдерге илимий - теориялык, усулдук жардам көрсөтүү.
04.11.2019 740 Кесиптик бирлик региондордо“Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар болуп өттү
Ала-Бука районун Эргешов атындагы орто мектебинде “Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар 29-октябрь күнү болуп өттү. Семинарга Ак-Там айыл аймагынын метептеринин жана балдар бакчаларынын профкомдору катышты. Семинарды алгач райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев ачып профсоюздардын өткөн майрамы менен куттуктап калоо тилектерин айтып семинардын максатын, профсоюздун ролун мыйзамдардын аткарылышы иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнө кеӊири токтолуп өттү. Семинар негизинен суроо жооп жана ар бир катышуучу ой пикирлерин кеӊири айтуу менен жүрдү. Эргешов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы Ботобаев Бакыт мектепте үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча кеӊири айтып иш кагаздары менен тааныштырып бир топ суроолорго жооп берди.
30.10.2019 536 Кесиптик бирлик региондордоБаткенчи мекенчил мугалим
Биздин баштапкы профсоюздук уюмубуздун планына ылайык патриоттулук темасында Баткенчи жоокерлер менен жолугушуулар өткөрүп окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоону өркүндөөтүүдөбүз. Мектебиздин аскерге чейинки даярдык жана дене - тарбия боюнча мугалими Баткенчи жоокер Чолпонов Хайдарали Эргешбаевич балдарыбызды мекенди сүйүүгө, аны коргоого, кызмат кылууга даярдоо ишинде активдүү эмгектенүүдө.
30.10.2019 599 Кесиптик бирлик региондордо“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2019” тармак
Ноокен райондук комитеттин 2019-жыл иш планына ылайык “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы-2019” кароо-сынагы 29-январь айындагы Президиум кеңешмесинин №1/5 токтомунун негизинде жарыяланып, октябрь айында жыйынтыкталды. Кароо-сынакка 8 балдар бакчасы жана 7 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты. Атайын түзүлгөн комиссия 10-15-октябрь күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган иштер жана кароо-сынактын шарттарын ордунда карап чыгышты. Комиссия 16-октябрь күнү жалпы жыйынтыкты чыгарып жеңүүчүлөр аныкталды.
30.10.2019 495 Кесиптик бирлик региондордоТаланттарды издейбиз-2019 кароо-сынагы өтүүдө
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген «Таланттарды издейбиз!» аттуу фестивалы жарыяланып, өткөрүлүп келет. Аталган саамалык быйылкы окуу жылында да иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
30.10.2019 531 Кесиптик бирлик региондордо