Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

СПИД боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө...

СПИД боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө карата атайын дарыгерлер менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Аталган иш чара “Дене тарбия жана табигый илимдер” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, конокто Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгери Адилет Бурканов жана ОГПИнин саламаттык-сактоо көзөмөлүнүн башчысы Джээнбеков Нурсултан болду.

 05.12.2019      523       Кесиптик бирлик региондордо

«Сен жалгыз эмессиң…» аттуу кайрымдуулук иш чарасы

«Сен жалгыз эмессиң…» аттуу кайрымдуулук иш чарасы

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын башчыларынын демилгелери менен жер-жерлерде мектептеги майып балдар үчүн 3-декабрда “Сен жалгыз эмессиң, биз биргебиз” аттуу кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарада атайын уюштурулган концерттик программалар көрсөтүлдү. Бардык мектептерде жана бала бакчаларда атайын “Кайрымдуулук кутусу” уюштурулган. Бул ишчарадан түшкөн каражаттарга майып балдардын көңүлүн көтөрүүчү белектерди жана керектүү, муктаж буюмдары, акчалай жардамдар берилди. Айрыкча Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектебинин, №10 А.Осмонов атындагы орто мектебинин жана “Шамалды-Сай-Нур” кайрымдуулук фонду менен биргеликте өткөргөн акция мактоого татырлык.

 05.12.2019      627       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

ОГПИде ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жаңыдан курулган жылуулук берүүчү борбордун ачылышы болуп өттү. Ачылуу иш чарасы расмий түрдө окуу жай жетекчилиги жана окутуучулардын катышуусунда болуп, борбордун кызыл тасмасын кесишти. Жылуулук берүүчү от казандын курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталып, учурда толук буткөрүлүп ишке берилди. Аталган борбор окуу жайдын атайын эсебинен курулуп, жогорку сапаттагы заманбап каражаттар жана буу казандар менен жабдылды.

 05.12.2019      490       Кесиптик бирлик региондордо

Бакай-Ата райондук комитетинде кезексиз пленум өткөрүлдү

Бакай-Ата райондук комитетинде кезексиз пленум өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Бакай-Ата райондук комитетинин кезексиз Пленуму 29-ноябрь 2019-жылы саат 10.00 дө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациянын кичи залында өткөрүлдү. Бакай-Ата райондук комитетинин Пленумунун күн тартибине эки маселе коюлуп, бекитилди.

 04.12.2019      702       Кесиптик бирликтин жардамы

Облустук турдун жыйынтыгы чыгарылды

Облустук  турдун жыйынтыгы  чыгарылды

2019-жылда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактык райондук, шаардык комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыжалуулуктары” урааны астында жарыяланган республикалык кароо-сынагынын облустук туру 27-ноябрь күнү жыйынтыкталды.

 04.12.2019      519       Кесиптик бирлик региондордо

“Биз – СПИДге каршыбыз!”

 “Биз – СПИДге каршыбыз!”

2019-жылдын 29-ноябрь күнүнөн тарта 1-декабрга чейин ЖАМУнун бардык бөлүм- факультеттеринде администрация, баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилеринин уюштуруусу менен студенттер ” Биз – СПИДге каршыбыз!” – деген ураандын астында, шаардын көчөлөрүн аралап, жөө жүрүшкө чыгышты. Студенттердин колоннасын МАИнин патрудьдук кызматкерлери жана “Медициналык тез жардам” кызматынын бригадасы коштоп жүрүүсү тургундардын көлүлүн буруп, түшүндүрмө баракчаларды таркатууга ыңгайлуу жагдайдын түзүлүүсүнө түрткү боло алды. Акция-жүрүшкө катышкан студенттер, СПИД илдети тууралуу маалыматтар, аны жуктуруп алуунун жолдору, СПИД менен ооруп калгандар кайрылуучу медициналык мекемелер, маалыматтын купуялуулугуна кепилдиктер тууралуу пайдалуу кеңештер камтылган баракчаларды щаарыбыздын тургундарына жана шаарга келген меймандарга таркатышты. Ушундай эле баракчалар ЖАМУнун бардык окуу корпустарынын алдында студенттерге да таркатылып, маалыматты жайылтуу иши уюшкандыкта өттү.

 04.12.2019      698       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш жеткинчектерди кубанычка бөлөгөн бала бакча

Жаш жеткинчектерди кубанычка бөлөгөн бала бакча

Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгында көптөн күткөн жаңы бала бакча ишке берилди.Быйылкы окуу жылдын ноябрь айынын башында Теңдик айылында биринчи бала бакча ачылды.Айылда жашаган ата-энелердин жана жаш жеткинчектердин кубанычында чек жок.Бул бакчага №9 “Ай-Данек” аты берилди.Бала бакчанын ачылышына айыл эли түп көтөрулуп келип куттуктоолорун айтышып сүйүнүчтөрүн жашыра алышкан жок. Шаардын мэри Р.А.Асаналиев,Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумүнүн башчысы Т.К Шабданов,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпара жана шаарга караштуу бала бакчалардын башчылары куттуктоо создөрун айтышып,алып келген белектерин тапшырып жатышты.Бул бала бакча айыл элине көп жыл кызмат кылып,уясынан миңдеген жаш жеткинчектерди учуруп келечекке жаркын жол тартуулайт деген үмүттөбүз.

 04.12.2019      648       Кесиптик бирлик региондордо

Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отчеттук шайлоо конференциясы

Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отчеттук шайлоо конференциясы

Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отчеттук шайлоо конференциясы 2019 – жылдын 29 – ноябрында Панфилов орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович жана баштапкы кесиптик бирликтерден шайланып келген 46 делегаттар катышышты. Конференцияда кесиптик бирликтин төрайымы А.С.Абдраимова отчеттук мезгилде жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады.

 04.12.2019      617       Маалыматтык бюллетень

Биз СПИДге каршыбыз!

Биз СПИДге каршыбыз!

Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ноокен районунун билим берүү уюмдарында “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мектеп окуучулары тарабынан дубал газеталар чыгарылып, тарбиялык маанидеги иш-чаралар уюштурулду. Андан сырткары тегерек столдор, тарбиялык ачык сааттар, КВН уюштурулуп, өткөрүлдү.

 04.12.2019      854       Кесиптик бирлик региондордо

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТААСИРДҮҮ МАЕК..

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТААСИРДҮҮ МАЕК..

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Түштүк аймагы боюнча төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокурович бүгүн окуу жайдын Гуманитардык факультетинин студенттери менен жолугушуп, жакындан маек курду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет. Жолугушуу улуулардын акыл-насааты менен жаштарды тарбиялоо жана аларды бир топ кызыктырган суроолоруна жооп алып берүү максатында аталган факультет тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттери катышты. Иш чаранын жүрүшү суроо-жооп форматында болуп, профессор катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорду терең талдап, өзгөчө таасын ой менен, өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын жана билиминин негизинде татыктуу жооп берип, данакер, мыкты педагог экенин далилдей алды. Студенттер менен жакындан пикир алышууга жаралган мүмкүнчүлүктө аларды жакшы жакка үндөө менен көптөгөн акыл-кеңештерин айтып өттү. Жан дүйнөнү байытуучу бул сыяктуу жолугушууларды мындан ары өткөрүү керектигин сунуштап, жалпы уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.

 02.12.2019      570       Кесиптик бирлик региондордо

Конференция болуп өттү

 Конференция болуп өттү

2019-жылдын 27-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ХХVIII отчеттук кайра-шайлоо Конференциясы болуп өттү. Конференцияга Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бакышев жана баштапкы уюмдардан шайланган делегаттар катышты. Конференцияда райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов 2014-2019-жылдар аралыгында райондук профсоюз комитети тарабынан аткарылган иштер боюнча кеӊири маалымат берди.

 02.12.2019      554       Кесиптик бирлик региондордо