Жомок ааламын аралаган жаш жеткинчектердин ийгилиги
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору тарабынан Республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан “Бөбөк сенин жомогуң” конкурсунун жыйынтыгы менен жеңүүчү деп таш-Көмур шаарына караштуу № 14 “Үмүт” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын аткаруусундагы “Аңчы жигит” Байгөлөпөв Таалайбек, Таалайбеков Аман, Эсен табылып, конкурстун областтык жана республикалык баскычына жөнөтүлгөн эле. Бул конкурста жети областтан барган жаш жеткинчектердин ичинен Таалайбеков Аман жанан Эсен “Бөбөк сенин жомогуң” аттуу конкурстун ресбпубликалык баскычында 3-орунду багындырып келишти.
12.12.2019 600 Кесиптик бирлик региондордоРеспубликалык БИЛИМ ТАЙМАШта ОГПИнин студенттери жениш менен
Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн "Билге" аттуу Республикалык билим таймашка ОГПИнин студенттик командасы катышып келди. Болочоктогу тарыхчылардын башын бириктирген аталган таймаш, кыргыз элинин алгачкы жетекчилеринин бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата уюштурулган. Таймаш жогорку деңгээлде уланып, катышкан студенттер буга чейин алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтүү менен өз командаларынын намысын коргошту. Белгилей кетсек бул билим таймашта жалпысынын 25 команда ат салышты. Оюндун жыйынтыгында ОГПИнин студенттик командасы байгелүү II орунду камсыздашып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланып кайтышты.
12.12.2019 594 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун “Бел-Алма” орто мектебинин ноябрь айындагы иш чаралары
Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу табигый кырсыктарга өзгөчө кабылган өлкө. Статистика боюнча республикабыздын аймагында жыл сайын 200гө жакын түрдүү мүнөздөгү кырсыктар катталат. Калкка эн чоң коркунучту жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, сел, суу ташкыны, нөшөр, мөндүр, катуу шамал ж.б. жаратылыш кубулуштары туудурат. "Бел-Алма" орто мектебинде жогоруда айтылган өзгөчө кырдаалдар коркунучунда мектеп кызматкерлери жана окуучулары коргонуу ыкмаларын, алгачкы жардам көрсөтүү ыктарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдаланууга канчалык денгээлде даярдыгы бар экендигин текшерүү максатында Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен областтык өкүлчүлүгү менен биргеликте окуу жана машыгуу иш чарасын өткөрүлдү.
12.12.2019 739 Кесиптик бирлик региондордоДвухдневные мероприятия, приуроченные к глобальной кампании по продвижению прав и возможностей женщин и по искоренению насилия в отношении женщин и девочек в Кыргызстане
Заведующая отделом ЦКП – Вера Бредихина 6-7 декабря 2019года приняла участие в мероприятиях , организованных и проведенных по инициативе Форума женщин депутатов КР совместно с Представительством в КР Американского Центра международной солидарности ( Центр Солидарности). Семинар на тему « Международные стандарты и гендерное равноправие в трудовой сфере состоялся 6декабря, а 7 декабря был проведен круглый стол на тему « Гендерная дискриминация на рабочем месте».
10.12.2019 624 Маалыматтык бюллетеньОблустук актив үчүн семинар өткөрүлдү
2019-жылдын 6-декабрында “Жалал-Абад” санаториясынын конфренц залында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын алдындагы Окуу Методикалык Борбору тарабынан “Просоюздук кызматкерлердин жана профактивтердин укуктук жана экономикалык билимин жогорулатуу аркылуу Кыргызтандын профкымылынын мүмкүнчүлүгүн бекемдоо” темасында окуу семинары өткөрүлдү.
10.12.2019 562 Кесиптик бирлик региондордоШаардык конференция уюшкандыкта өткөрүлдү
2019-жылдын 6-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык III конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 37 делегат шайланып, анын ичинен 35 делегат катышты, жүйөлүү себептер менен 2 делегат катышкан жок.
10.12.2019 589 Кесиптик бирлик региондордоАйлана-чөйрөну таза сактоо – баарыбыздын парзыбыз
Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган айлана – чөйрөнү тазалоо иш чарасына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т Усенов , Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А Орозалиев баштаган билим берүү кызматкерлери активдүү катышышты , алар өздөрүнө бөлүп берилген Ош – Бишкек жолундагы участокту ар түрдүү таштандылардан арылтышты .
10.12.2019 684 Кесиптик бирлик региондордоЖыйынтыктоочу президиум
Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин декабрь айындагы жыйынтык президиуму болуп өттү Президиумдун Күн тартибинде: 1.Кемин райондук кесип бирликтер комитетине келген каттарды Кароо. 2.Кемин районундагы билим берүү мекемелериндеги техника коопсуздугунун сакталышы. 3.Ар түрдүү маселелер. Президиумга мектеп директорлору жана президиумдун мүчөлөрү катышты. Президиумдун Күн тартибинде каралган маселелер толугу менен талкууланды. Өзгөчө мектептердеги техника коопсуздугунун сакталышына көӊүл бурулду.
10.12.2019 562 Кесиптик бирлик региондордоКР Билим берүү жана илим министрлигинде Б.Кадыркуловдун өткөргөн окуу-семинары
Бүгүн 4-декабрь саат 10.00 дө Билим берүү жана илим министрлигинин 2-этажындагы жыйындар залында Чүй областынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кадрдык иштер боюнча жетектөөчү адистердин катышуусунда «Эмгек мыйзамдуулугун аткаруудагы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин милдеттери жана профсоюздук уюмдардын ролу» деген темада практикалык окуу-семинары өткөрүлдү.
06.12.2019 700 Кесиптик бирликтин жардамыМугалимдердин кесиптик денгээлин өстүргөн райондук семинар
Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда № 16 С Акбаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде технология предмети боюнча райондук семинар болуп өттү . Райондук семинарда аталган мектептин технология мугалимдери М Файзуллаева 4- класста “Подделки из ватных дисков “, М Хусанова “ Художественное оформление поздравительные открытки конверты “ , М Хамидова 5- класста “Жумурткадан даярдалуучу тамактар “, М Ахмарова 7 – класста “ Мөмөлөрдөн жана жемиштерден пайдалануу “ деген темаларда сабактарды өтүшүп семинардын катышуучулары менен өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүштү .
06.12.2019 574 Кесиптик бирлик региондордоЭл аралык майыптар күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү
2019-жылдын 3-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу № 16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш-чара № 16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму жана жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Мектепте атайын “Мээримдүүлүк кутучасы” уюштурулуп, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер өз салымдарын кошушту. Андан түшкөн каражат Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин тарбиялануучуларына тапшырылды. Жаштар кеңеши тарабынан “Биз баарыбыз биргебиз” аттуу концерттик программа уюштурулду. Ошондой эле мектеп администрациясы тарабынан мектептеги 12 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга атайын белектер, шириндиктер тапшырылды.
06.12.2019 695 Кесиптик бирлик региондордо