Дорогие коллеги!
23 февраля — поистине всенародный праздник, воплощающий в себе самоотверженное служение Родине, воинскую доблесть, неразрывную связь поколений и преемственность ратных традиций. В этот праздник мы отдаем дань уважения и чтим память всех воинов, которые защищали нашу родную землю от врагов. Пусть все войны останутся в прошлом, а сражения будут только на мирном фронте. Любой кыргызстанец, находится ли он на боевом посту или занимается мирным делом, – прежде всего защитник своей Родины. И каждый своим трудом вносит вклад в приумножение богатства и славы Кыргызстана. В День защитника Отечества желаю всегда оставаться настоящим воином: мужественным и сильным, решительным и находчивым, умело решать все задачи и преодолевать любые жизненные препятствия. Желаю вам благополучия, долголетия, неувядающей энергии и стального здоровья. Пусть вас во всем сопровождает успех, каждый день будет счастливым, освещенным радостными событиями, встречами с настоящими друзьями, нежной любовью близких и родных людей!
21.02.2020 661 Маалыматтык бюллетеньАрдагерлерге сый урмат
23-февраль күнү Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, Ноокен районунун билим берүү тармагынын ардагер агайлары чакырылды. Иш чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиевалар катышышты. Жетекчилер келген конокторду майрамдары менен куттукташып, майрамдык белектерди тапшырышты. Аземдин сыйлуу коноктору жетекчилерге билим берүү тармагында жүргүзүп жаткан иштерин дагыда өркүндөтүүдө чоң салымдарын кошуп жаткандыктарын белгилешип,ыраазычылыктарын билдиришти.
21.02.2020 539 Кесиптик бирлик региондордоЖаӊы жылда жаӊы эс алуу
2020-жылдын эсебинен №10 Учкун, №22 Айкол атындагы мектепке чейинки бала бакчалардын жетекчилери Турдубаева Дарика менен Тойматова Элмира эжеке Жалал-Абад курортунда болушуп ден-соолугун чындашып эс алышып келишти. Бул жолдомону берген Жалал-Абад облустук жанан Аксы райондук профсоюз комитеттине абдан ыраазычылыктарын билдиришип жаны окуу жылында жаны күч дем менен жаны ийгиликтерге жетишерин убада кылышты.
21.02.2020 575 Кесиптик бирлик региондордоАта Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү
15-20-февраль күндөрү Ноокен районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары жана жаштар кеңештери тарабынан 15-февраль Афганчылар күнү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Анда концерттик программалар тартууланып, тегерек столдор, спорттук мелдештер уюштурулду. Иш чараларга афган согушунун, Баткен, Чернобль окуяларынын катышуучулары чакырылды. Андан сырткары Ноокен райБББнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты. Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча 10-11-класстарынын окуучулары өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
21.02.2020 796 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду
2020-жылдын 18-февралында Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитетинин аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун берди. Райондук комитеттин төрагасы Сагын Камчыбеков бул кызматта иштегенине 3 жылдын жүзү болду. Ар жылы аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берип, алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча айтып өттү. 2019-жылда комитетте алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн коопсуздугуна,ден соолугуна,иштеген иш орундарына көңүл бурулуп келет.22 мүчө ден соолугун чыңдоо үчүн санаторияларга жолдомо менен барып, эс алышты. 12кесип бирлик мүчөлөрү материалдык жардам көрсөтүлдү, 25 эң мыкты иштеген мүчөлөр Ысык-көлгө эс алууга жиберилди. Кароо сынактардын жеңүүчүлөрү да белектерге ээ болушту. Райондук профсоюздар бөлүнгөн профвызностор туура багыттарга бөлүштүрүлгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты профсоюз уюму" деген конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, грамоталар менен сыйланышты. Профсоюз уюмунун алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы байкалды.
21.02.2020 492 Кесиптик бирлик региондордоБаткен шаарында профсоюз лидерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 517 токтому менен бекитилген нускама боюнча окутулду
2020-жылдын 11-февралында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базасында мектеп жана балдар бакчаларынын директорлору,баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары, окуу бөлүмүнүн башчылары, иш кагаз жүргүзүүчүлөр жалпысынан 42 кишиге билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин демилгеси менен окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарды уюштуруунун максаты: проф.лидерлердин иш кагаздарды туура жүргүзүү үчүн сабаттуулугун жогорулатуу, Бузуулар Кодексине түш болбоо жана проф.лидерлердин активдүүлүгүн жогорулатуу.
21.02.2020 578 Кесиптик бирлик региондордоБаткен шаары 20-февральда Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрдү
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февраль “Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү” деп жарыялагандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүк дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” № 110 токтомуна ылайык Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жарыяланган. Профсоюз мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык кепилдиктер жөнүндө туура маалымат берүү, көйгөйлүү суроолорго жооп алуу жана ар бир билим берүү кызматкеринин маалыматтуулугун жогорулатуу, проф.активисттердин ишин жандандыруу максатында Баткен шаардык комитети В.И.Ленин орто мектебинде 67 профсоюз мүчөсүнүн катышуусу менен ачык эшик күнүн өткөрдү.
21.02.2020 820 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарында ШБББнүн бала бакчаларынын башчылары менен жолугушуу болду
Таш-Көмүр шаарындагы №2 “Ак-Кайың” бала бакчасында 20.02.2020 шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Г.Эргешова,башкы бухгалтер Б.Молдомуратова,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпар,билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Э.Ж.Эгизалиева менен жолугушуу болуп өттү.Бул жолугушууда быйылкы “2020-жыл өлкөн санариптештирүү,аймактарды өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылына” карата аткарыла турган иштер жөнүндө,ошондой эле балдардын коопсуздугун коргоо иретинде видео-көзөмөлдү бала бакчаларда ишке ашыруу,айлык акынын электрондук жолго өтүүсү,техникалык жана өрт коопсуздугун сактоодогу алып барылуучу иштер боюнча талкуу болду.
21.02.2020 469 Кесиптик бирлик региондордо“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде аймактык ачык сабактар жана өтүлгөн сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү
2020-жылдын 17-февралында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айрыбаз, Кыргызстандын 10 жылдыгы, Сатаров, С.Баюми, С.Тажибаева, Сары-Алтын жана Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 Д.М.Карбышев, №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы, №4 А.С.Пушкин, №5 Ч.Айтматов, №6 Токтогул, №7 Т.Иметов, №8 А.Навои, №9 У.Гулматов, №10 А.П.Гайдар, №11 М.Куренкеев, №12 А.Осмонов, №13 И.Абдрахманов атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу багытындагы аймактык ачык сабактар жана сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге “Келгиле окуйбуз” долбоорунун Баткен областтык координатору, областтык билим берүү усулдук борборунун башкы адиси О.Эркебаев жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары чакырылды.
21.02.2020 661 Кесиптик бирлик региондордоАРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
Ош областтык райшаар жана окуу жайларда билим берүү тармагында иштеген Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда Областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев куттуктоо сөз сүйлөп, ардагерлерге ден-соолукту, жеке турмушунда жетишкендиктерди, жаштарды тарбиялоодо ийгиликтерди каалады. Ардагерлердин атынан М. Жаныбеков, Т.Анарбаев, А. Абдибаевдер сөз сүйлөшүп, профсоюз уюму кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоочу, калыс, элдик уюм экендигин дагы бир жолу көрсөтүп, область боюнча топтоп, бир бирибиз менен учурашып, баарлашууга, өткөн күндөрүбүздү эстеп, кайтпай калган куралдаштарыбызды эскерүүгө шарт түзүп берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп жаткандарыёыздарга абдан ыраазыбыз деп билдиришти. Иш-чаарага область боюнча билим берүү тармагында иштеген 26 ардагер катышышты.
21.02.2020 532 Кесиптик бирлик региондордоОкуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу
2020-жылдын 14-февраль күнү Лейлек районунун Голбо айылындагы Кожояр Казыев атындагы орто мектебинде “Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу” аттуу темадагы семинар өткөрүлдү. Семинарга райондун мектептеринин окуу бөлүм башчылары жана ошондой эле, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын усулчулары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө мектептин орус тили мугалими Алдамуратова Айхан тарбынан “Анализ лирического произведения” , математика жана информатика мугалими Абдиева Гүлзат тарабынан “Олимпиадада жеңүүчү жылдап тандалат”, чет тили, тарых, химия мугалимдери тарабынан “Предметтер боюнча олимпиадага даярдоо усулдары” аттуу темадагы даярдалган ачык сабактар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучуларга чоң таасир берип, тажрыйба алмашуу жүрдү.
21.02.2020 2683 Кесиптик бирлик региондордо