Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү
13-14-мартта Таш-Көмүр шаарында айлана-чөйрөгө жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул ишембиликте шаардын тургундары менен биргеликте мектептин мугалимдери,мекеме ишканалардын жумушчулары активдүү катышышты. Ишембиликке жалпы 2250 адам катышып, 49 тонна таштандылар чыгарылды. Мектептин мугалимдери жана кенже кызматкерлери көчө бойлой шаардын санитардык абалын жакшыртуу жана коомчулукка үлгү көрсөтүү менен тазалоо иштерин аткарышты.
16.03.2020 599 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү
2020-жылдын 13-мартында Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан жана профсоюз уюмунун башчысы Жамила Бакирова позитивдүү тарбия иш-чарасынын алкагында “Микробдор каяктан келел”темасында ачык тарбиялык сааттарды өткөрүп,окуучуларга жугуштуу ооруулар жөнүндө кеңири маалымат берүү менен өздүк гигиенасын кантип сактоонун жолдорун үрөттү.Ошондой эле бул иш-чарага жалпы мугалимдер жамааты катышып,эжекенин алгылыктуу иштерине мектеп жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдиришти.
16.03.2020 711 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө
Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы №1-14 мектептерде “Эмне үчүн китеп окушубуз керек ”деген темада масштабдуу тренинг старт алды.Профсоюз уюмунун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жана “Кыргыз Жаш-Күч”коомдук бирикмесинин тренери Чыңгыз Урматаалиевдин демилгеси менен мектеп окуучуларына,алардын ата-энелерине,шаардык китепканаларга,алардын жумушчуларына жана каалоочуларга тренингдер өткөрүлүп,коомдо жакшы колдоого ээ болуп жатат.Ошондой эле ушул эле тренинг мектеп директорлоруна жана тарбия иштер боюнча директордун жардамчыларына дагы уюштурулду.
16.03.2020 540 Кесиптик бирлик региондордоКөрктөндүрүү-2020
Н.Исанов атындагы КМКТАУнун көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча түзүлгөн үч айлык иш планына ылайык ар апта сайын университеттин территориясында көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Ал эми университетке жакын жайгашкан көчөлөрдү санитардык тазалоо иштери аптанын жума, ишемби күндөрүндө өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, мындай коомдук иш-чара окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер тарабынан кызуу колдоо таап, Бишкек шаарыбызды «жашыл шаар» болушуна өз салымбыз кошобуз деген ураан алдында ишке ашырылууда.
16.03.2020 722 Маалыматтык бюллетень«БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА УКУК БУЗУУЧУЛУККА КАРШЫБЫЗ!!!»
Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Эшме айылындагы «Эшме» орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка жана укук бузуучулукка каршыбыз!!!» - деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер, айыл өкмөттөн аксакалдар, айылдык сотунан жана айылдык депутаттардын өкүлдөрү келип 8-9-10-11- класстардын окуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Семинардын максаты - өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү.
13.03.2020 1570 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик-спорттук мелдеш өткөрдү
2020-жылдын 20-февраль күнү№6-окуу имаратындагы спорт залда 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кесиптик бирлик комитети, кесиптик колледж жана факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы тарабынан уюштурулган “Аскердик-спорттук мелдеш” өткөрүлдү. Иш чарага кесиптик колледждин кыргыз-кытай, экономика, маалыматтык технология, укук таануу, педагогика бөлүмдөрүнөн түзүлгөн 10 команда катышты. Мелдешти Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ачып, мырзаларды Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалап, студенттерди ынтымакка, патриоттуулукка чакырды. Куттуктоо сөздөрүн о.э. башкы инженер Адылбек Маматов менен юридика факультетинин доценти Кадыр Уметов да айтышты.
13.03.2020 704 Маалыматтык бюллетеньСеминар по охране труда
Московским районным комитетом профсоюза 5 марта был проведен семинар по охране труда для руководителей образовательных организаций. В конце семинара все участники получили методическое пособие «Рекомендации по организации работы по охране труда в школах, школах-интернатах, детских дошкольных и внешкольных учреждениях». Рассмотрены следующие вопросы: Основные законодательные и НПА по охране труда в образовательных учреждениях. Основные понятия и требования охраны труда. Должностные обязанности руководителя образовательного учреждения по охране труда. Содержание инструкций по ОТ. Обучение и инструктирование работников образования. Виды инструктажей. Контроль соблюдения требований охраны труда. Ответственность за нарушение законодательства об охране труда.
13.03.2020 581 Маалыматтык бюллетень“Жоокер ыры”
2020-жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Т.Жапаров атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Аскердик атуулдук ырлардын республикалык кароо-сынагы өткөрүү” жөнүндөгү буйругуна ылайык “Жокер ыры” аттуу кароо-сынактын райондук туру өткөрүлдү. Иш чарага №1 гимназия, В.И.Ленин, А.Навои, Б.Набиев, Х.Боронбаев атындагы, “Ак-Суу”, “Ак-Терек”, “Тайлан”, “Кара-Булак”, “Катраң” орто мектептеринин окуучулары катышып, кароо-сынак 3 номинация согуш темасындагы ырлар, патриоттук ырлар, көркөм окуу боюнча өткөрүлүп, калыстар тобунун курамын райондук аскер комиссариатынын кызматкери, балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси жана райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары түзүштү.
13.03.2020 746 Кесиптик бирлик региондордоАялдардын эл аралык майрамына карата спорттук иш чара өткөрүлдү
8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде мугалимдер арасында “Унутта калган кыргыз оюндары” деген темада эжекелер арасында көңүлдүү старт 7-март күнү мектептин спорт залында өткөрүлдү. Спорттук иш чарага жалпы 6 команда катышып, жеңүүчү командаларга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан “Ардак грамота” жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Майрамга карата спорттук иш чараны уюштуруп бергендиги үчүн мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.
11.03.2020 508 Кесиптик бирлик региондордоПразднование «Масленицы»
В связи с объявлением 2020 года перекрестным «Годом России в Кыргызстане и Годом Кыргызстана в России» широко и весело отметили Масленицу жители и гости Московского района. На площади села Беловодское состоялись праздничные гуляния. Их участниками стали сотни жителей Московского района, в их числе и Советник посла России в Кыргызстане А.Сургаев. В ходе праздничного мероприятия школами района и общественными организациями была представлена выставка национальных блюд, на сцене прошли театрализованные представления, выступления самодеятельных коллективов. Развлечения были подготовлены на любой вкус и возраст: фотозоны, ярмарка изделий ручной работы, сказочные персонажи развлекали детей театральными сценками. Взрослые водили хороводы под русские фольклорные песни. Кульминацией праздника стало сожжение чучела зимы. Предки славянских народов верили, что сожжение на костре куклы принесет благополучие и возрождение.
11.03.2020 606 Маалыматтык бюллетеньПрофсоюз комитетинин кезектеги отуруму өткөрүлдү
"Аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо" жылына карата 2020-жылда аткарыла турган иштер боюнча профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков билдирүү жасады. 2019-жылы иш планда көрсөтүлгөн иштер толугу менен аткарылды. Жылдын жыйынтыгы чыгарылып, профсоюз комитети отчеттук чогулушун өткөрдү. Ал эми жаңы 2020-жылга карата иш пландар түзүлүп, аткарылуучу иштер белгиленди. "Мыкты профсоюз комитети" конкурсун уюштуруу, жайкы эс алууларды белгилөө, келип түшкөн арыздарга жооп берүү, материалдык жардамга муктаж мүчөлөргө жардам көрсөтүү жагы белгиленди. Профсоюз комитети кесип бирлик мүчөлөрүн коргоочулар эмеспи.Материалдык жардам керектүү мүчөлөргө, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү керек. Сметалар, токтомдор өз убагында тапшырылып, сметанын негизинде бөлүнгөн профвызностор өз убагында берилди. Мыкты иштеген профсоюз комитети жайкы кыска мөөнөттүү эс алууга жолдомолорго ээ болушат. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн көп жылдан бери иштеп жатканын, ийгиликке жетишкендер, юбилярлар белгиленип, аз да болсо кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып турушат.
11.03.2020 521 Кесиптик бирлик региондордо