Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Фото отчет

Жаңы төрага шайланды

2024-жылдын 14-август күнү саат Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин кезексиз уюштуруу пленуму болуп өттү.

Пленумга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Султанбаев, Борбордук Комитеттин аппарат жетекчиси Б. Кадыркулов жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А Бедельбаева катышты. Кемин райкомунун кезексиз уюштуруу пленумунун күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды.

  1. Кесиптик бирликтин Кемин райкомунун мүчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
  2. Кемин райкомунун төрагасы А. Исхаковдун өз каалоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндө арызын кароо.
  3. Кемин райкомунун жаңы төрагасын шайлоо.

Күн тартибиндеги биринчи эки маселе боюнча Кемин райкомунун 9 мүчөсү ар кандай себептер менен мүчөлүктөн чыгарылды жана 3 жаңы мүчөсү кабыл алынды.

Күн тартибиндеги 3-маселе каралып, Кемин райкомунун төрагалыгына талапкерлер көрсөтүлүп, кесиптик бирликтин райкомунун мүчөлөрү Өмүрбекова Бурул “Тарсуу” орто мектебинин директору, Масылова Айнура “Чым-Коргон” орто мектебинин директору, Абдылдаева Дилде “Кемин” №3 орто мектебинин директору жана Кемин райондук ББББ Бедельбаева Альбина төрагалыкка эле талапкерди – Кебеков Өмүрбек Бакивалиевичти сунуш кылышты.

Пленум мүчөлөрү ачык добуш берүү менен Кебеков Өмүрбек Бакивалиевичти кесиптик бирликтин Кемин райкомунун төрагасынын кызматына бир добуштан шайлашты.

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети.