Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жамааттык Келишимдин аткарылышы – башкы приоритетибиз

 

Орошон билим ордосу – ОшМУга 75 жыл!

 

Абдыжапар Аккулов,

ОшМУнун бириккен профсоюз

комитетинин төрагасы,

география илимдеринин

 кандидаты, доцент

 

Жамааттык Келишимдин аткарылышы – башкы приоритетибиз

 

Азыркы учурда өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык жалпы абал коомчулукту тынчсыздандыруу менен коштолуп, өзгөчө билим берүү жана илим тармагында эмгектенгендердин ансыз да төмөн эмгек акысынын өлчөмдөрү айлап-жылдап өсүп бараткан инфляциянын фонунда эч нерсеге жарабай калганы тилекке каршы, ачуу чындыкка айланууда. 2010-жылдын апрель айындагы бийлик алмашуунун соңунан КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы билим берүү тармагында эмгек акыны төлөө системасынын формасын өзгөрткөндүгү, муну менен бирге мугалимдердин эмгек акысын жогорулаткандыгы жалпыга маалым. Бирок, андан берки жалпы билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар (мектептерде категориялар боюнча эмгек акы төлөөнүн четтетилиши, предметтер боюнча сааттардын кыскартылышы, депозит саясатынын үзгүлтүккө учурашы, ЖОЖдордун көп баскычтуу билим берүүгө өтүшү ж.б.)  боюнча да карама-каршылыктуу ар кыл пикирлер жашап келаткандыгы чындык. Бул боюнча ушул жылдын 16-сентябрында  республикалык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы К.Осмоналиев баштаган депутаттарынын, Өкмөттүн өкүлдөрүнүн, билим берүү жана финансы министрликтеринин өкүлдөрүнүн  катышуусу менен өткөн   төгөрөк столдо, ошондой эле ушул тармактын профсоюздарынын 17-19-сентябрында Ош шаарында өткөн  IV пленумунда да баса белгиленгени коомчулукка  маалым болду.                                                                                                                   Азыркыдай турмуштук катаал шарттарда келечекке татыктуу муунду сапаттуу билим берип, тарбиялап өстүрүп, мыкты кадрларды даярдоо үчүн Өкмөтүбүз эң биринчиден мугалимдердин социалдык жашоо деңгээлине, алардын эмгек акысын жогорулатууга көңүл бурушу башкы приоритет болушу керек деген талаптар туура экендиги талашсыз деп ойлойбуз. Анткени айылдарда, же шаарларда болсун, мектепте, бала бакчада, лицей, колледждерде, же ЖОЖдордо билим, тарбия берүү жана илим тармактарында эмгек акынын төмөндүгүнөн бул тармактардан жаштардын, мыкты адистердин, чыгармачыл жана таланттуу инсандардын кетип жаткан тенденциясы тилекке каршы, сакталып келүүдө. Алдыда турган кышка карата азык-түлүктүн, электр жарыгынын, көмүрдүн ж.б. отун-суунун, жылуулуктун, күйүүчү майлардын, жол киренин кымбатташы жана тартыштыгы, ал эми республиканын түштүк аймактарында  газ менен камсыздоонун таптакыр токтотулушу эң биринчи кезекте билим берүү жана илим тармагында эмгектенип жаткандарга катуу сезилип жаткандыгын баса белгилеп коюуга тийишпиз.

Албетте, жыл сайын инфляция эске алынуу менен ЖОЖдордо окуган студенттер үчүн да контракттык төлөмдөр,. квартира акысы, жатаканада жашоонун баасы жогорулоодо. Мындай шарттарда билим берүү жана илим тармагынын катардагы кызматкерине үй-бүлөсүн багуу, туруктуу жашаганга үстүндө үйү жок, турак-жай, же жер участогун сатып алуу кыйынга турууда. Андыктан бул маселелерди ар бир мекеме-уюмдарда жетекчилик менен өзара сүйлөшүп, биргелешкен аракеттерди көрүү үчүн профсоюз уюмдарынын иш-аракеттеринин мааниси артууда десем жаңылышпаймын.                                                         Учурдагы мезгилде бул социалдык маселелер Ош мамлекеттик университетинде да жок эмес деп айтсак болот. Мисалга, ректорат жана профком тарабынан 2011-жылы турак-жай куруу үчүн жер алууга муктаж 209 кызматкерге Ош шаардык мэриясына өтүнүч келтирилген болсо, анын 104 үнө Ош шаардык мэриясынын турак-жай комиссиясынын чечими чыгарылган. Бирок Ош шаарына жакын аймактардагы жер аянттарынын шаардын карамагына турак-жай конуштарына өткөрүү, же трансформациялоо маселеси чечилбегендиктен, алардын көбүнө жер участокторун бөлүштүрүп берүүгө бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын токтому чыгарылбай келүүдө. Ал эми социалдык турак-жай, ипотекалык кредиттөө жөнүндө азырынча кыялданып турууга гана туура келүүдө. Мындай маселелерди чечүү үчүн альтернативалык жолдорду издеп, 2012-жылы профсоюз комитетинин демилгеси менен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык округунан 3 га бактуу жер аянты жеке турак-жай куруу максатында 47 кызматкерге узак мөөнөт ичинде (2009-2012-ж.ж. аралыгында) сатып алуу мүмкүндүгүнүн негизинде Мамлекеттик Актылары алынып, бөлүштүрүлүп берилди.  Жыл сайын кызматкерлердин арасынан каалочуларга жана муктаждарга кышка карата арзан баада жана аванс иретинде эмгек акынын эсебинен сатып алууну уюштуруп, көмүр менен камсыздоону колго алганбыз.

Бүгүнкү күндө профсоюз комитетинин негизги социалдык өнөктөшү болгон ректорубуз, филология илимдеринин доктору, профессор К.А.Исаковдун ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүнүн артында Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен бириккен профсоюз комитетинин  ортосунда социалдык-экономикалык жана эмгектик маселелер боюнча 2012-2015-жылдарга кабыл алынган Жамааттык Келишимде өзара жакындыкта жана биргеликте иш алып баруунун жаңы мазмуну, конкреттүү жана аракеттүү багыттары камтылган. Ал ОшМУнун профкомунун 2012-ж. 29-мартындагы №4-протоколу жана кызматкерлеринин жалпы жыйынынын 2012-ж. 4-апрелиндеги №7-протоколу  менен бекитилип, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитетинде (№135. 05.04.2012-ж.) катталган.

Жамааттык Келишим бул – өлкөдөгү социалдык-экономикалык шарттарды эске алуу менен тараптардын өзара аракеттеринин жана байланыштарынын аныкталуу мөөнөткө карата жамааттын социалдык-укуктук жашоосунун программасы болуп саналат. ОшМУда эмгекетенип жаткан кызматкерлердин, окуп жаткан аспиранттардын, доктаранттардын жана студенттердин эмгектик укуктарын жана социалдык кепилдиктерин  коргоону күчөтүүгө, ошондой эле, алардын эмгегин жана саламаттыгын коргоого багытталган бул локалдык документтеги максаттарга жетүү үчүн анда кабыл алынган эки тараптуу милдеттердин так, өз учурунда жана кыйшаюусуз аткарылышы – башкы приоритет деп эсептейбиз.

Социалдык жактан коргоо багытында профессордук-окутуучулук курамды жана жалпы кызматкерлерди, ошондой эле, аспиранттарды, доктаранттарды, студенттерди жана эмгектенип жаткан пенсионерлерди социалдык колдоонун деңгээлин жогорулатуу  Жамааттык Келишимдин негизги максаты экендиги анын жалпы мазмунунда ар тараптуу чагылдырылып турат.

Професордук-окутуучулук курамды социалдык жактан коргоо, кызматкерлерге кошумча жана материалдык төлөмдөрдү төлөө  багытында Жамааттык Келишимдеги ОшМУнун ректораты менен профкомунун өздөрүнө жана биргелешип алган милдеттери боюнча негизинен буларга токтолууга болот:

  Жамааттык Келишимдин 4.9.-п. каралгандай, КРЭКнин 164-ст. талаптарына ылайык зыяндуу жумуш орундарында эмгектенген кызматкерлерге 15-25% өлчөмүндөгү кошумча төлөмдөрдүн суммасы 2012-ж. 123 084 сомго, 2013-ж. 131 114 сомго  барабар болду (зыяндуу жумуш орундарында эмгектенгендерге кошумча төлөмдөр боюнча маалымат 1-таблицада көрсөтүлдү).

Жамааттык келишимдин 4.11.-п. жалпы окутуучуларга берилүүчү 56 күндүк узартылган эмгектик өргүүдөн сырткары, КРЭКнин 116-121-ст. талаптарына ылайык акы төлөнүүчү узартылган эмгектик өргүү ОшМУнун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окуу жайыбыздын жетекчи кызматкерлерине (ректорго, проректорлорго, институттардын, департаменттердин, китепкананын директорлоруна жана факультеттин декандарына,  алардын орун басарларына, бөлүмдөрдүн жана кафедралардын, ОИД, КБ башчыларына, башкы эсепчиге (ОшМУдагы эмгек стажы 10-15 жылга – 35 календардык күн, 15-20 жылга – 42 календардык күн, 20-30 жылга – 49 календардык күн, 30 жылдан ашуунга – 56 календардык күн) белгиленип, ишке ашып жатат. Мындан сырткары, быйылкы жайкы мезгилде окуу жайыбыздагы өзгөчө мүнөзгө ээ жумуш аткарган айрым категориядагы (китепкана, бухгалтерия, кадрлар башкармалыгы, техникалык камсыздоо бөлүмү, административдик-чарба бөлүмү) жалпысынан 90 дон ашуун кызматкерлерге алардын 15 жылдан ашкан эмгек стажын эске алуу менен негизги акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө кошумча укуктук гарантиялар катарында 7 күн өлчөмүндөгү акы төлөнүүчү кошумча өргүү берилди (Буйрук № 117. 23.05.2014-ж.).                                                                          Жамааттык келишимдин 4.16.-п. ылайык иштеп жүрүп кайтыш болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө минималдык эмгек акынын он эсе өлчөмүндөгү ал эми жакындары кайтыш болгон кызматкерлерге минималдык эмгек акынын беш эсе өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүп келүүдө. Ушул эле пунктта төмөн эмгек акы алган, жардамга муктаж, майыптыгы бар, узак мөөнөттүү оорулуу кызматкерлер менен студенттерге көрсөтүлгөн материалдык жардамдардын суммасы 2013-2014-окуу жыл ичинде эле жалпысынан 709 200 сомду түздү ( анын ичинен 489 000 сому ректораттан,  220 200 сому профкомдон).          

Жамааттык келишимдин 4.17.-п. негизинде кызматкерлерге 50 (3000 сом), 60 (5000 сом), 70 (7000 сом) 80 (10 000 сом) жашка толгондо берилген юбилейлик сыйлыктар  өткөн окуу жыл ичинде 28 адамга жалпысынан 112 000 сом өлчөмүндө төлөнүп берилди. Өткөн 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин эмгегин стимулдаштыруу максатында ректорат тарабынан төлөнгөн премиялык каражаттардын суммасы  12 000 000  сомдон ашуун болду. Пенсия жашында иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккандарга бир айлык кызматтык эмгек акы төлөнүп берилүүдө . Эмгек жамаатынын мүчөлөрү үчүн маданий-массалык эс алууга жана кесиптик майрамдарды (Жаңы Жылды тосуу, Нооруз, 23-февраль, 8-март, Май майрамдары, Мугалимдер Күнү ж.б.) белгилөөгө өткөн окуу жыл ичинде жалпысынан 774 000 сом жумшалды (297 500 сому ректораттан,  476 500 сому профкомдон). Ушул эле пунктта эмгек акыны индексациялоо жана зарыл болгон жөлөк пулдарды, компенсацияларды төлөөгө каражаттарды табуу каралган (эмгек акыны жогорулатуу, кошумча төлөмдөр боюнча маалымат 2-таблицада көрсөтүлдү).

Жамааттык келишимдин 4.18.-п. контракттык негизде окуган студенттердин айрым категорияларына (тоголок, жарым-жартылай жетимдерге, майыптарга, жакыр жана көп балалуу үй-бүлөдөн окугандарга) контракттык төлөмдөрдөн жеңилдик иретинде атайын каражаттардын эсебинен берилген каражаттардын суммасы 2012-2013-окуу жылында жалпысынан 315 студентке 1 174 100 сомду, ал эми 2013-2014-окуу жылында 364 студентке 1 336 335 сомду түздү (контракттык төлөмдөрдөн жеңилдиктер боюнча маалымат 3-таблицада көрсөтүлдү).

Жамааттык келишимдин 4.19.-п. 5-б. ылайык илимий ишин коргоого чыккан диссертанттарга жол кире чыгымдарын толук төлөп берүү менен коргоодон соң илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 10 000 сом, илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку  акчалай сыйлык каралган болсо, ректордун 06.12. 2012-ж. № 544-буйругу менен бул сыйлыктардын өлчөмү өзара ылайык 20 000 жана 40 000 сомго жогорулатылган жана төлөнүп келатат (өткөн жана быйылкы окуу жыл ичинде 28 илимдин кандидатына жана 5 илимдин докторуна, жалпысынан 760 000 сом төлөнүп берилди). Ушул эле пунктта кызматкерлерге илимий  иштерин аткарууга жана жыйынтыктоого байланыштуу 1 айдан 3 жана 6 айга чейин эмгек акысын (айрым учурда материалдык стимулдаштырууну) толук сактоо менен чыгармачылык өргүү берүү каралган.

Жамааттык келишимдин 6.10.-6.12-п.п. көрсөтүлгөндөй, курорттук-санаториялык дарыланууга муктаж кызматкерлер менен студенттерди Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан берилген жолдомолор менен камсыздоо ырааттуу жүргүзүлүп келүүдө. Мындан сырткары, ОшМУнун алдында иштеп жаткан студенттик профилакторийде жыл сайын 6-8 агым уюштурулуп, 300-400 студент саламаттыгын чыңдап турушат. Ушул жерде бул профилакторийдин ишин калыбына келтирүү жана жандандырууга Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун жана ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун зор колдоосу  болгондугун белгилеп кетели. Анткени профсоюздар тарабынан профилакторийди каржылоо мурдагыдан бир кыйлага жогорулады, ал эми профилакторийди капиталдык ремонттон өткөрүү, зарыл болгон эмеректер жана жабдуулар менен камсыздоо ректорат тарабынан жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Көптөгөн кызматкерлерибиз жыл сайын жай мезгилдеринде университетибиздин Ош шаарындагы “Ак-Буура” эс алуу зонасында (700-800 адам) жана Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионатында (400-500 адам) үй-бүлө мүчөлөрү менен жеңилдетилген шарттарда эс алып келишүүдө. Бул эс алуучу жайларды жылдык ремонттордон өткөрүүгө, зарыл болгон эмеректер жана жабдуулар менен камсыздоого ушул жыл ичинде эле (“Ак-Буура” эс алуу зонасына – 248 000 сом, “Үмүт” пансионатына – 260 000 сом) жумшалган.

Жамааттык келишимдин 6.13.-6.15-п.п. талаптарына ылайык студенттер менен жаш кадрларды жатакана жана убактылуу турак-жай менен камсыздоо боюнча буларды белгилөөгө болот: бүгүнкү күндө ОшМУда студенттер үчүн 6 жатакана корпусу, анда жалпысынан 1650 орун бар. Ошентсе да, шаардагы батирлердин ижара акысы жогорулап, жашоо үчүн турак-жай табуунун кыйындыгынан улам жатаканаларга талап жогорулоодо. Бүгүнкү күнгө карата бир аз кысылса да, учурда 2000 ден ашуун студенттер жатаканаларыбызга жайгаштырылды.                                                                                        Мындай тенденция соңку жылдарда ачык байкалып жаткандыктан кийинки жылдарда, рыноктук шарттарга жана студенттерге ылайык келгендей кылып, жаңы жатакана курууну, же университеттин карамагындагы башка имараттарды натыйжалуу пайдалануу менен студенттик жатаканаларга айландыруу профком тарабынан ректоратка сунушталууда. Ал эми турак-жайы жок, негизинен жаш кызматкерлер үчүн бүгүнкү күндө ОшМУнун №6-жатаканасында аларга акы төлөмдөрү жеңилдетилген шарттарда убактылуу жашаганга мүмкүндүк берилген (маалымат 4-таблицада көрсөтүлөт).

Ош мамлекеттик университети быйыл 24-октябрь күнү өзүнүн 75 жылдык юбилейин белгилөөнүн алдында турат. Юбилейге татыктуу даярдык көрүү программасынын алкагында соңку жылдар аралыгында өздүк каражаттардын эсебинен заманбап талаптарга ылайык келген Бизнес жана менеджмент факультетинин 6 кабаттуу окуу корпусу бүткөрүлүп пайдаланылууда. Мындан сырткары, Ак-Буура дарыясынын жээгинде стандарт тибиндеги стадион, 6 факультетте спорт аянтчалары жана бир теннистик корд курулуп иштеп жатат. Ал эми медицина факультетинин алдындагы 4 кабаттуу 240 орундуу клиниканын, ошондой эле 2 кабаттуу стоматологиялык клиниканын курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилгени турат. Профсоюздун негизги социалдык өнөктөшү, ректорубуз, профессор К.Исаковдун жетекчилиги астында ОшМУда ишеним, изденүү, ийгилик жараткан мындай алгылыктуу иш-аракеттер албетте, кызматкерлер үчүн мыкты жумуш орундарынын түзүлүшүнө, эмгектенүүнү стимулдаштырууга, студенттерге сапаттуу билим берүүгө, илимий-чыгармачылык иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүүгө туруктуу өбөлгө болууда.

Университетибизде кызматкерлердин балдары үчүн 2013-жылы “Зирек” бала бакчасы уюштурулуп, анда учурда 120дан ашуун бала тарбияланууда. Азыркы учурда мамлекеттик бала бакчаларга кезектин көптүгүнөн жана аларга орун алуу мүмкүн болбогондуктан, анан да башка жеке бала бакчаларга төлөмдөр айына 5000-8000 сомдон 10 000-12 000 сомго чейин жетип турган мезгилде бул маселеде ОшМУ өзүнүн кызматкерлерине бир топ жеңил жана жакшы шарттагы бала бакча ачып берип, зор социалдык колдоо көрсөтө алды. “Зирек” бала бакчасында ар бир балага төлөм айына 3500 сомго барабар. Балдар заманбап шарттарда тарбияланышып, эс алышууда. Аларга 4 маал ысык тамак берилип, музыкалык жана окуп үйрөнүүчү класстар бар, сыртта балдар ойноочу аянтчалар курулуп, жашыл бак жана кооз гүлзарлар тигилген. Бул бала бакчанын өз учурунда ачылып, ийгиликтүү иштеп жатканына КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин бир катар өкүлдөрү күбө болушту. Анын ишин үлгү катарында республикалык масштабда пропагандалоону жана жайылтууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусу колго алууда.

Жыйынтыктап айтканда, професордук-окутуучулук курамды социалдык жактан коргоо, окумуштуулук даража, педагогикалык стаж жана наамдар үчүн кошумча төлөмдөр боюнча иш-аракеттер Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен бириккен профсоюз комитетинин  ортосунда эки тараптуу социалдык-экономикалык жана эмгектик маселелер боюнча 2012-2015-жылдарга кабыл алынган Жамааттык Келишимдин талаптарына ылайык аткарылып келүүдө. Айрым пункттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар жалпы жыйында талкууланып, тийиштүү чечимдер кабыл алынууда.


 

1- табл.

Зыяндуу жумуш орундарында эмгектенген кызматкерлерге                           

кошумча төлөмдөр жөнүндө маалымат, сом

 

А

2013-жылга

2014-жылга

Буйр. № 7. 16.01.2012-ж.

Буйр. № 146. 04.04.2013-ж.

Буйр. № 272. 04.06.2014-ж.

АБП

ОКП

АЧБ

баардыгы

АБП

ОКП

АЧБ

баардыгы

Бюдж.

Контр.

Бюдж.

Контр.

Бюдж.

Контр.

 

Бюдж.

Контр.

Бюдж.

Контр.

Бюдж.

Контр.

 

50 410

22 070

21835

16569

5825

6375

123 084

53790

24245

22435

16381

5825

8438

131 114

                                 

 

 

 

 

 

 

 

 


Б

Кызматтардын  аталышы

Оклады, сом

Кошумча төлөм 

%  м-н

Кошумча төлөмдүн 

суммасы, сом

Адис

4500

15%

675

Лаборатория башчысы

5200

15%

780

лаборант

4500

15%

675

Улук лаборант

5000

15%

750

Окуу мастери

4500

15%

675

Кабинет башчысы

5200

15%

780

Морг башчысы

5200

15%

780

Башкы адис

5000

15%

750

Инженер-программист

5200

15%

780

Кабинет башчысы

4000

15%

600

Архивиарус

3800

15%

570

Айдоочу

3000

25%

750

Туалет тазалоочу

3000

25%

750

Газосварщик

3000

25%

750

Электросварщик

4700

25%

1175

Методист

4000

15%

600

Секретарь-референт

5200

15%

780

Бөлүм башчысы

4000

15%

600

Инспектор

5000

15%

750

Бухгалтер

5000

15%

750

Улук экономист

4700

15%

705

Экономист

4000

15%

600

Статист-аналитик

4500

15%

675

Китепканачы

5000

15%

750

Улук адис

5000

15%

750

Бухгалтер-кассир

4700

20%

940

Адис-маркетолог

4500

15%

675

 

2- табл.

Професордук-окутуучулук курамды социалдык жактан коргоо, окумуштуулук даража, педагогикалык стаж жана  

наамдар үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө

 

 

 

Кызматтардын аталышы

 

Кызмат-тык

оклад (сом)

Пед. стаж

үчүн кошумча төлөмдөр

 

Эмгек акыны жогорулатуу боюнча кошумча төлөмдөр

Кошумча төлөмдөрдүн жалпы суммасы

 

Окумуштуулук даражасы үчүн

Эмгек акынын жалпы суммасы

 

 

 

 

 

1.

 

 

 

 

Профессор:

 

-        илимдин доктору окумуштуулук даражасы болсо;

-        илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы болсо;

-   окумуштуулук даражасы  болбосо

 

 

 

 

 

 

8000

7500

7000

%

м-н

сумма

№41-буйр.

06.02.2012ж.

№443-буйр.

29.10.2012ж.

№21-буйр.

24.01.2014ж.

Бюджет

Атайын каражат

30%

2400

2500

3500

4000

12400

600

2440

23440

20%

1500

2100

2900

3500

10000

300

1720

19520

10%

700

2050

2800

3300

8850

 

 

15850

2.

Доцент:

-        илимдин доктору окумуштуулук даражасы болсо;

-        илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы болсо;

-        окумуштуулук  даражасы  болбосо

 

7500

7000

6500

 

 

 

 

 

 

 

 

 

30%

2250

2300

2800

3500

10850

600

2440

21390

20%

1400

2000

2500

3500

9400

300

1720

18420

10%

650

1700

2100

3500

7450

 

 

13950

3.

Улук окутуучу:

-        илимдин доктору окумуштуулук даражасы болсо;

-        илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы болсо;

-        окумуштуулук  даражасы  болбосо

 

7000

6500

6000

 

 

 

 

 

 

 

 

 

30%

2100

2000

2350

 

6450

600

 

14050

20%

1300

1850

2200

3000

8350

300

1720

16870

10%

600

1500

1800

2500

6400

 

 

12400

4.

Окутуучу, ассистент:

-        илимдин доктору окумуштуулук даражасы болсо;

-        илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы болсо;

-        окумуштуулук  даражасы  болбосо

 

6500

6000

5500

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6500

 

 

1800

2150

2500

6450

300

1720

14470

 

 

800

1000

2000

3800

 

 

9300

5.

Ассистент - стажер

5000

 

 

 

 

2000

2000

 

 

7000

 

 

Кошумча маалымат: Эл мугалими, Эл артисти – 5000 сом

 

КРнын илиминин эмгек сиңирген кызматкери – 2500 сом

 

КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери – 2500 сом

 

 

3-табл.

Контракттык төлөмдөрдөн жеңилдиктер боюнча маалымат, сом

2012-2013-окуу жылына

Буйруктун номери, датасы

2013-2014-окуу жылына

Буйруктун номери, датасы

1 174 100

№ 254. 17. 12. 2013-ж.

1 336 335

№ 187. 07. 05. 2013-ж.

 

4-табл.

ОшМУнун №6-жатаканасында жашагандардын төлөмдөрү жөнүндө маалымат, сом

Бөлмөлөр

2004-2005-окуу жылы үчүн

2005-2006-окуу жылы үчүн

2013-2014-окуу жылы үчүн

1 айга

1 жылга

1 айга

1 жылга

1 айга

1 жылга

1.

1 комнаталуу

322

3864

369

4428

369

4428

2.

2 комнаталуу

410

4920

521

6252

521

6252

3.

3 комнаталуу

473

5676

703

8436

703

8436

 

Кошумча маалымат:  Азыркы учурда бул жатаканада жалпысынан 45 кызматкер үй-бүлөсү менен жашап келүүдө.