Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жамааттык келишимдердин аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнүн формалары жана ыкмалары.

 

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Урматтуу профсоюз лидерлери!

 

     Коомчулукта, мамлекеттер арасында, мекемелер арасында,мекеме менен уюмдар, жана адамдар менен адамдардын ортосундагы укуктук, саясий, экономикалык, каржылык мамилелерди укуктук негизде кагаз бетине түшүрүп мыйзамдаштыруу  стили иш кагаздар стили деп аталат.

     Кагаз бетине түшкөн мамилелер документ, иш кагаздары болмокчу. Документ бул латын сөзүнөн алганда мааниси-күбөлүк, далил дегенди билдирет. Демек  коомчулукта бардык мамилелерди иш кагаздары тейлейт.

     Аларга арыз, түшүнүк кат, акт, буйрук  токтом, жарлык, жобо жана жамааттык келишимдер да кирет.

     Иш кагаздардын колдонуу чөйрөсү өтө кеӊири. Ал коомдун бардык институттарында - бардык мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда чектөөсүз колдонулат. Тактап айтканда, иш кагаздар укуктук мамилелер чөйрөсүн - мыйзам чыгарууну, иш жүргүзүүнү жана эл аралык карым-катнашты да тейлейт.

     Жамааттык келишим адам  ишмердигиндеги жана коомдук турмуштагы, коомдук бирикмелердин укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын камсыз кылат.

     Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин республикада бир катар мыйзам актылары кабыл алынды, профсоюз органдары менен уюмдарынын  иш-аракетине, укуктары менен милдеттерине тиешелүү болгон жоболор жана инструкциялар бекитилди.

     Алып айтсак, «Кыргыз республикасынын конституциясы», «Кесиптик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы», «Кыргыз Республикасынын эмгек Кодекси», «Эмгекти коргоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Кыргыз Республикасында калктын ден-соолугун коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Баштапкы профсоюз жөнүндө типтщщ жобо», «Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын эмгектик укуктук инспекциясы жөнүндө жобо» жана башка жоболор, инструкциялар.

     Профсоюздук лидерлер жамааттык келишимдердин аткарылышы боюнча көзөмөлдөөдө ушул жана башка  нормативдик документтерди колдонушу керек.

 

Урматтуу конференциянын катышуучулары

Урматтуу профсоюз лидерлери.

 

     Профсоюз лидерлер жана активистер  жатса-турса ар дайым «канткенде профсоюз мүчөлөрүнө пайдалуу иш кыла алам, канткенде жакшылыкты, чындыкты түшүндүрө алам» деген ой менен түйшөлүшөт жана андан чыгуунун ар түрдүү формаларын, ыкмаларын издешет.

     Алардын дагы бир өзгөчөлүгү - коомчулук үчүн кандайдыр бир пайдалуу ишти жана көзөмөлдү ошол жердин башкаруу системасына каршы келбегендей орундатышат.

     Илим  билим, ыймандуулук, адептүүлүк, башкалардын дүйнөсүнө көз артпоо, көӊүл токтук, канат кылуу, кичи пейилдик, эмгекчилдик, мыйзамды сактоо - профсоюз кызматкерлеринин жан дүйнөсүн кооздоп, сактап келе жаткан сапаттардын бири  эмеспи.

     Кээ бир чала сабат, көрпенделер  айтып жүргөндөй профсоюз адамдарга чындыкты жеткирүү үчүн ар кандай шоу, митингдерге муктаж деле эмес.

     Бирок ошол эле учурда ачуу чындыкты максатсыз, идеалсыз жүргөн жетекчилерге кээ бир адамдарга көзүнө сайып көрсөтпөсө, коомчулуктагы кээ бир терс көрүнүштөр качандыр бир кезде баарыбызга залакасын тийгизиши мүмкүн.

     Алардын  мүдөсү-өзүнүн мүчөлөрүн мыйзамдын чегиндеги бардык мүмкүнчүлүктөр аркылуу жактайт жана коргойт.

     Профсоюздардын эӊ негизги камкордугу эмгек акынын деъгээли, аны өз убагында алуу, жумуш убагынын режимин сактоо, эмгекти коргоо, эмгектин коопсуз шартын түзү, жумушка алуу жана иштен бошотуунун мыйзам чегинде жүргүзүлүшү боюнча көзөмөл жүргүзщү эмеспи.

      Профком көзөмөлдөөнщн ар түрдүү формаларын жана ыкмаларын  колдоно алат. Алардын кээ бири эмгек  мыйзамдарында түз көрсөтүлгөн,  башкалары болсо ошол эле мыйзамдардан келип чыгат жана  түзүлгөн келип чыккан жагдайларга карата чечилет.

      Эмгекти жана эмгекчилердин ден-соолугун коргоо жагындагы  практикада ушундай проблемалардын чечилиши үчүн негизги жоопкерчилик мамлекеттик бийликтерге жүктөлгөн.

 

      Мисалга алсак  жетекчилердин эмгек  келишимдердин аткарылышын боюнча эмгек жамааты тарабынан  келип түшкөн даттанууларды кароо, эмгек жана эмгекчилердин ден-соолугун коргоо, коопсуздук техникаларынын коопсуздугу боюнча дегеле жамааттык келишимдердин  аткарылышы боюнча баяндамаларын угуу болуп саналат.

     Көзөмөлдөнщн бирден бир негизги формасы болуп эмгек мыйзамында көрсөтүлгөн администрация тарабынан эмгек  эмгекке болгон шарттардын түзүлүшү жана алардын аткарылышы болуп эсептелет.

     Көзөмөлдөөнүн дагы бир формасы болуп администрациянын чыгарган буйруктарын текшерүү болуп саналат. Ушулардын жыйынтыгы менен Окумуштуулар Кеӊешинде, жамааттык чогулуштарда, профсоюз комитетинин  президиумунда мекеменин  жетекчисинин жана бөлүм башчыларынын  баяндамалары угулуп  талкууга алынып, алардын аткарылышы боюнча чечимдер кабыл алынат.

 

     Профсоюз уюмунун негизги максаттарынын бири бул - тарбия.

     Мына ошондуктан  ишмердүүлүктүн, көзөмөлдөөнүн негизги ыкмасы болуп  ынандыруу, түшүндүрүү ыкмасы саналат.

     Эгер акыл токтотуп, ар бир кадамыбыздын артын түпкү маъызын ойлоп, саамалыктарды  салтка, жаъылыктарды наркка байланыштыра алсак, ар бир ишке сабырдуу, олуттуу мамиле жасай билсек анда алгылыктуу жыйынтык болот.

     Ал эми ар нерсеге саясий кызыкчылык, шаӊдуу өнөктүк, утурумдук уран-чакырык өнөтүнүн мамиле жасап «себеп менен эмес, натыйжа менен күрөшө берсек», анда көзөмөлдөө көздөгөн мүдөөсүнө жетери күмөн.

     Бүгүн окуу жайлар, мамлекет сыяктуу эле, каржылык жактан гана эмес, кадрдык жактан да кыйналып турат. Мындай шартта ага  мамлекеттен башка да, жалпы коомдун көмөгү, илимдин жардамы, профсоюз кызматкерлеринин  сүрөөнү өтө зарыл.

    Ошол эле мезгилде профсоюз өзүнүн мүчөлөрүнүн укуктарын мыйзамдын чегиндеги бардык мүмкүнчүлүктөр аркылуу коргойт.

 

 

                                           Алымбаев Кенжебек – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун профкомунун төрагасы