Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Социалдык өнөктөштүктүн алкагында жолугушуу

Бүгүн, 2022-жылдын 16-майында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга КР Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов катышышты.

Жолугушуунун негизги максаттарынын бири болуп КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин негизги социалдык өнөктөшү болгон -  КР Билим берүү жана илим министрлиги менен билим берүү кызматкерлеринин экономикалык, социалдык-эмгектик, кесиптик кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттерди мындан да жакшыртуу жана  тараптардын  2022-2024-жылдарга кабыл алына турган Макулдашуусун талкуулоо болду.

Жолугушуу учурунда  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов КР Министрлер кабинетинин 30.03.2022-ж. №181 токтому менен бекитилген “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомун  ишке ашыруу максатында профсоюздун аймактык комитеттери райондук, шаардык билим берүү  бөлүмдөрү менен биргеликте кызматкерлерге кабыл алынган жаны өзгөрүүлөр жөнүндө кенири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгилөө менен  айлык акылардын жогорулаганын негизинде келип чыккан айрым тактоолор жана сунуштар:

- Билим берүү кызматкерлери үчүн жүктөмдөрү (минималдуу жүктөм боюнча атайын толуктоо киргизүүгө);

- Билим берүү кызматкерлеринин билими (педагогикалык билими жок кызматкерлерге болгон талаптар жөнүндө, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-статьясынын эске алуу);

- Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык стажы (“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында буга тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизүү);

- Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысына тиешелүү кошумча төлөмдөр (5-11-класстардагы дептер текшерүүгө тийиштүү предметтерди тактоо);

- Билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүсү (56 күн деп эсептөөнү);

- Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине класс жетекчилик үчүн төлөм (апрель, май айлары үчүн) жөнүндө белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү кызматкерлеринин укуктарын коргоо багытындагы кызматташуу натыйжалуу болушуна ар дайым аракеттер көрүлөрүн билдиришти. 

 

Маалыматты даярдаган: БКнын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева