Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Депутат мугалимдин демилгеси

                       Ноокен районунун   Арал  айылдык   кеңешинин   депутаты,   айылдык  Кеңештин  төрагасы  Токтосунов  Мирландын  демилгеси  менен Жогорку   Арал  айылындагы жаңыдан  бүткөрүлүп    2013-жылдын  7-сентябрында КР Премьер Министри  Ж. Сатыбалдиевтин  катышуусу   менен  ачылган  №36  Мамаев  атындагы  орто  метепте  24  бала  үчүн  (мындан   5  бала  мугалимдин  балдары) жаңыдан  бакча  ачылды. Бакчанын  жабдуулары  учун  Арал  айыл  өкмөтү  50 мин  сом  каражат  болуп  берди. Мектеп райондо  биринчилерден  болуп  мектеп-комплекс  наамын  алды.

                       Райондук администрация  менен түзүлгон  3  тараптуу  макулдашууга  негиз  мектепке  чейинки  билим  берүүнү  өркүндөтүү  үчүн  2013-жыл  жыл  ичинде  Сакалды  айылдык  аймагында  №26 "Ак-Шоола", Бүргөндү   айылдык  аймагында  №28 "Алтын  уя" бакчалары ачылып,  балдарды кабыл  алышты. 2014-жылдын  15-январында  Кочкор-Ата  шаарында  капиталдык  ремоттон  өткөрүлүп, №15 "Жомок"  бакчасы ишке берилди.  Райондук  комитететтин  курамына  жаңыдан  3  баштапкы  профсоюздук  уюм  кошулду.  Райондук  комитет социалдык  өнөктөштөр  менен тыгыз  иштөөнү   улантууда.

АБДУРАХИМ АЙДАРОВ