Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты тарбиячысы - 2024»

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун негизинде бекитилген Жобого ылайык Кадамжай районундагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин педогогикалык кызматкерлеринин арасында “Жылдын мыкты тарбиячысы -2024” кароо сынагы өткөрүлдү.

Кароо сынактын  максаты: тарбиячылардын  педагогикалык чыгармачылык дараметин жогорулатуу, алдынкы тарбиячыларды аныктап, аларга стимул берүү жана аларды колдоо аркылуу тажрыйба жайылтуу.

Жыйынтыгында:

1-орунду “Бактылуу балдар” бакчасынын тарбиячысы Ботобекова Жумагүл, 2-орунду “Росинка ” балдар бакчасынын тарбиячысы Кабылжан кызы Жибек, 3-орунду “Солнышко” балдар бакчасынын тарбиячысы Байжигитова Уулкан ээ болду. 

Сыйлыктарды жана наамдарды  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошов тапшырышып, катышуучуларды куттуктады.

Кесиптик бирлик тарабынан  бардык  катышуучуларга сыйлуу белектер берилип, жай айында “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайына беш күндүк жолдомо алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кадамжай райондук  комитети