Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими” сынагы

Базар-Коргон районунун  Өлмаскан Атабекова атындагы №30 инновациялык-гимназия мектебинде райондогу мектептер арасында “2024-жылдын мыкты мугалими” кароо сынагы болуп өттү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жалилов, райондогу 69 мектептин ичинен тандалган жана айыл аймактардан келген 10 мугалим катышты. Жыйынтыгында:

I орунду  №17 С.Далбаев  атындагы гимназия мектебинин орус тили мугалими Камбарали кызы Гулназ,

II орунду №22 Тагай уулу Камал атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Кубанычбек кызы Алтынай,

III орунду №7 М. Мамбеталиев атындагы гимназия-мектебинин англис тили мугалими Мусаева Айлира байгелүү орундарга ээ болушту.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жалилов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев  “2024-жылдын мыкты мугалими”  кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктап,  I орунду алган С.Далбаев  атындагы №17 гимназия мектебинин мугалими - Камбарали кызы Гулназга облустук турга катышууга жолдомо тапшырылды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан “2024-жылдын мыкты мугалими” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары баалуу белектерге ээ болушту.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети