Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагы жыйынтыкталды

Тогуз-Торо районунун жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдер арасында "Жылдын мыкты мугалими-2022" кароо-сынагынын райондук туру 13-14-майында болуп өттү. Райондогу мектептердин  ичинен 10 мугалим кароо-сынакка катышты. Кароо-сынактын  жобосуна ылайык сынактык сабак, мастер-класс, педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, калыстар тарабынан берилген тапшырмага мугалимдер өз билим деңгээлин жана чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында сынактын бардык шартын мыкты аткарып, мугалимдик кесибин сүйгөн чыныгы адис экендигин  көрсөтө алышты.

Баш байгеге №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими Тойгонбай кызы Жазгүл татыктуу болду.

1-орунга №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Назарбекова Мээрим;

2-орунга  №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тил мугалими Нурманбетова Жазгүл;

3-орунга №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин география мугалими Камбаралиев Адилет, №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Жумабекова Жанаркүл ээ болушту.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин “Ардак грамотасы” жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Кароо-сынактын уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоону билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Тогуз-Торо райондук комитети каржылады.

Мындан сырткары райондогу айыл аймактарынын башчылары сынакка катышкан мугалимдерди куттуктап, өздөрүнө тиешелүү мектептерден катышкан мугалимдерге “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты.4

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети