Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты мугалимдери

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 Токтомун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүүгө даярдык көрүү жөнүндө” 2024-жылдын 16-январындагы №50/1 буйругун аткаруу максатында, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-жылдын 18-январындагы №02-05/9 сандуу буйругунун негизинде, 2024-жылдын 25-26-апрель күндөрү шаардык жалпы билим берүүчү мекемелеринин педагогдорунун арасында «Жылдын мыкты мугалими - 2024» жана мектепке чейинки билим берүү мекмелеринин арасында «Жылдын мыкты тарбиячысы-2024» кароо сынагы өткөрүлдү.

Жалпы билим берүү мекмелеринин 13 мугалими ар кайсы сабактар боюнча жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен 7 тарбиячы шаардык билим берүү бөлүмүнө арыз беришип катышууга укук алышкан. Кароо сынакты шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулканасы уюштуруп өткөрдү.

Атайын комиссия курамын бекитип, кароо сынакты өткөрүүнүн графигин түзүштү жана жобого ылайык баардык иш аракеттер көрүлдү.

Кароо сынактын жыйынтыктоочу иш чарасы 26-апрель күнү шаардык Маданият сарайында өткөрүлүп, ага шаардын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ырысова Нургул Анарбаевна, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалим тарбиячылары катышты.

Шаардын мэри Б.Абдыжапаров катышуучуларды куттуктап, жалпы мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен, ар дайым билим берүү тармагын колдоого аларын белгиледи.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга кесиптик бирлик тарабынан баалуу сыйлыктар жана диплом, грамоталар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети