Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жыл мугалими- 2024" сынагы өткөрүлдү

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу - усулканасынын жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин көмөгү менен "Жыл мугалими- 2024" сынагынын райондук турунун 2- этабы өткөрүлдү.  Сынакка ар бир сабак боюнча тандалып алынган жеңүүчү мугалимдер катышты.

Сынакта катышуучунун визиттик карточкасы, педагогикалык кырдаал, тесттик сыноо, компьютерде иштей билүүсү боюнча өз билимдерин калыстардын сынына коюшту. Жыйынтыгында: 

№5 мектеп- гимназиясынын мугалими Нурланбек кызы Аида "Жылдын мыкты биология мугалими"; 

№1 гимназия- жатак интернатынын мугалими Мурзалиева Нафиса Неьматиллаевна "Жылдын мыкты англис тили мугалими"; 

"Курулуш" орто мектебинин мугалими Адинаева Динара Кубатбековна "Жылдын мыкты тарых мугалими"; 

Ак- Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалим Холмуратов Газбек Бекботоевич "Жылдын мыкты информатика мугалими"; 

"Тогуз- Булак" орто мектебинин мугалими Кудайбердиева Зийнатай Имаровна  "Жылдын мыкты башталгыч класс мугалими";

Кожояр Казыев атындагы орто мектебин мугалими Алибаева Айжан Акбаровна "Жылдын мыкты физика мугалими"; 

Манас атындагы орто мектебинин мугалими Баратова Майрамай Ахмадовна " Жылдын мыкты математика мугалими"; 

"Катыран" орто мектебинин мугалими Дубанаева Эльмира Ташмурадовна " Жылдын мыкты география мугалими";

"Кыргызстандын 40 жылдыгы" орто мектебинин мугалими  Газибаева Зулфия Асатуллаевна "Жылдын мыкты орус тили жана адабияты мугалими";  

 Ю.. А. Гагарин атындагы орто мектебинин мугалими Бабаярова Гулдана Абдираимова "Жылдын мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими"

 

 Т.Жапаров атындагы орто мектебинин мугалими Дастанова Мухаббат Сапаровна "Жылдын мыкты химия мугалими" наамындагы диплом  менен сыйланышты жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарабынан  Жалал-Абад санаториясына  жайкы эс алууга жолдомо жана сыналгы менен сыйлананышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети