Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ж.Ниязовтун музейи ачылды

         «2016-жыл -тарых жана  маданият  жылы» иш-чараларынын  алкагында Ноокен  районундагы  Жумабек  Ниязов  атындагы  көмөкчү  жатак  мектебинде мектепти  негиздөөчүсү,  Ленин    (азыркы  Ноокен ) районунун  билим  берүү  тармагынын   өнүгүсүнө чоң   салымдарын  кошкон устат жетекчи Жумабек  Ниязовтун музейинин  ачылыш  аземи  2016-жылдын   29-ноябрында өттү. Аземге мектепте иштеп  кеткен  ардагер  мугалимдер, Шайдан  айыл  аймагынын аксакалдары, Билим жана  илим  кызматкерлеринин  кесип  бирлигинин  Ноокен  райондук  комитетнин төрагасы   К .Нышанов, Ноокен  райБББнун  башчысынын  орун  басары  А.Каримова,   чакырылган  меймандар  катышты.                                                                                                                           

         Аземди мектептин  директору Э.К. Абдрахманов ачып,  мектептин  тарыхы  жана Жумабек  Ниязов агайдын ишмердүүлүгү  жөнүндө слайддар   менен  баяндады. Мүмкүнчүлүгү  чектелген  окуучулар  тарабынан куттуктоо концерти  тартууланды. Аземде сүйлөгөндөр Ж.Ниязовтун жасаган эмгегин баалап  чоң иштерди  аткаргандыгын, районго  4-жаңы  мектептердин  имараттарын  курулушуна  жеке  салымдары  кошкондугун белгилешти. Райондук  комитеттин  төрагасы К.  Нышанов  уюштурулган   иш-чара үчүн  жамаатка   ыраазычыыгын   билдирип, музейди  жасалголоо  иштерине  активдуу  катышкан  Абдикеримов Жаныбекти  “Жалал-Абад” санаториясынын  жолдонмосу   менен  сыйлады.

Материалды  даярдаган Ноокен  райКБкнын тескөөчүсү-  А.Айдаров.