Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеңүүчүлөр аныкталды

Кесиптик чыгармачылыкты  өркүндөтүү  жана иш тажрыйбаларды жайылтуу  максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” кароо-сынагынын райондук туру 2024-жылдын 25-апрель күнү Момбеков айылындагы №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын базасында болуп өттү.

Кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 9 бала бакчанын тарбиячылары катышты.

Ага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Борбиева, бала бакчалардын жетекчилери катышты.

Сынак сабак өтүү (мастер класс), видеопрезентация, педагогикалык кырдаал шарттары боюнча өткөрүлдү.

1-орунга №45 “Наристем” балдар бакчасынын тарбиячысы Өскөнбаева Мира Пазыловна, 2-орунга №2 “Ак куу” балдар бакчасынын тарбиячысы Сапарбек кызы Гулшан, 3-орунга №49 “Таштак” балдар бакчасынын тарбиячысы Мамасабирова Гулнур татыктуу болушту.

Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген №45 “Наристем” балдар бакчасынын тарбиячысы Өскөнбаева Мира Пазыловна - “Мыкты усулчу” №6 “Жылдыз” балдар бакчасынын тарбиячысы Базарбаева Феруза - "Мыкты музыка мугалими", №45 “Наристем” балдар бакчасынын музыканты Асанов Бектур - “Мыкты орус тили мугалими”, №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын орус тили мугалими Зархожоева Элмира облустук турга жолдомо алышты.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору жана  баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: К.Машаева, №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы