Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы эмгек акы жөнүндө семинар болуп өттү

Базар-Коргон шаарындагы №4 А.Навои атындагы орто мектебинде мектеп, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчилери үчүн семинар болуп өттү.   

 Семинардын темасы:

  1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары  жөнүндө токтому.
  2. Жайкы эс алууну уюштуру иш-чаралары боюнча маалыматтар.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, тиешелүү адистер, баштапкы кесиптик бирлигинин төрага жана төрайымдары катышты.

Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев Кыргыз  Республикасынын 2022-жылдын 30-мартындагы №181 жаңы  эмгек акы боюнча токтому жана жайкы эс алууну уюштуру    боюнча маалыматтарды берип, алдынкы мугалим жана билим берүү кызматкерлерине райондук комитеттин “Ардак грамотасын” тапшырды.

Семинардын жүрүшүндө тиешелүү адистер жаңы эмгек акынын  эсептелиши боюнча маалыматтарды берип, семинар катышуучуларынын ар түрдүү суроолоруна жооп беришти.

Семинардын катышуучулары мугалимдерге колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов