Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы ачылган балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору өз ишин ийгиликтүү баштады

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин Тоң районундагы  «Кызыл Гвоздика» балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору 20-июндан баштап ачылып, Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин 150  баласын он күндүк эс алууга кабыл алды.

«Кызыл Гвоздика» балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунун салтанаттуу ачылуу аземине Кыргыз Ресаубликасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, орун басары жана Ысык-Көл облусу боюнча профсоюз кыймылын уюштуруучусу Өмүрбек Молдокматов, Ысык-Көл облусунун профсоюдар Кеңешинин төрагасы Эсен Садабаев, Сокулук райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы Ирина Афанасьева, Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин райондук , шаардык профсоюз комитеттеринин   төрага-төрайымдары, «Кызыл Гвоздика» балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунун кызматкерлери , директору Нурлан Абдраимов жана 150 эс алууга келген балдардын  катышуусунда ачылды.

Бул салтанатта эс алып жаткан балдар жашы боюнча 5 тайпага бөлүнүп өздөрүнүн тайпасынын –атын, ураанын айтып, директор Нурлан Абдраимовко рапортторун беришти.  КР гимини ойнолуп, Кыргыз Туусу көтөрүлдү.

Борбордук комитеттин төрагасы А. Токтогулов өз сөзүндө  «Кызыл Гвоздика» балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунун жаңы курулуп бүткөндүгүн ,  биринчи болуп  Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин 150 балдарына эс алууга жолдомо берилгендиги, ошондой эле жаш жеткинчектерге окуудагы жогорку жетишкендиктерге жетишүүсүнө, тартиптүү болүүларына, жакшы эс алуусуна ак жол каалап, Кыргыз элинин , мамлекетинин эртеңки келечеги балдар экендиги жөнүндө жакшы каалоолорду багыштады.

Салтанаттуу ачылышка катышып жатышкан эс алууга келген мектеп окуучуларынын жүздөрүнөн күлкү жайнап, хор менен айтылган каалоо –тилектеринде балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунун жана профсоюздун жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

   Ө. Молдокматов

м