Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Жаштар КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушушту.

2020-жылдын 9-декабрь күнү  КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев  ар тармактын жаштарын кабыл алды. Билим берүү тармагынан Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун алдында түзүлгөн  жаштар кеңешинин мүчөсү Б. Өмүрзаков барып катышып келди. Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчы жаштар менен таанышып, алардын көйгөйлүү маселелери жана ой-пикир, сунуштары менен таанышты. Айтылган сунуш, пикирлерди угуп, А.Сыргабаев айрымдарын жыл жаңырары менен аткарууну убадалады. Андан сырткары облустагы абалды жакшыртуу максатында, жаштар менен тыгыз иштешип, айрым маселелерди жаштар менен биргеликте чечүүгө болоорун белгилеп өттү. 

 

 

Ноокен райкомунун алдындагы 

жаштар кеңешинин катчысы У. Шакирова