Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш кадрларга методикалык жардам

Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кесиптик бирлиги жаштар кеңеши менен биргеликте «Санариптик технологияны сабак берүүдө колдонуу усулдары» деген темада жаш мугалимдерге методикалык жардам катары райондук семинар өткөрүлдү. Семинарда Т.Уметалиев мектебинин жаштар кеңешинин төрагасы жана информатика мугалими Базаралы уулу Эрмек санариптик технологиянын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп,практика жүзүндө да көрсөтүп өттү. Жаш муундарга билим берүүдө жаңы ыкмаларды пайдаланып өтүү боюнча да кеңири токтолуп, санариптик сабактарды даярдоо, көрсөтүү, сактоо боюнча тажрыйба менен бөлүштү. Бул семинарга райондук кесиптик бирлик комитетинин методисти М.Өмүрбекова катышып, жаш мугалимдерге ийгилик каалап, мындай семинарларды көп өткөрүп турууну сунуштады. Жаңы келген кадрларды туура багытта жол көрсөтүп,тарбияласа келечекте билим берүү тармагында мыкты мугалимдер чыгат десек болот.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин КБКнын төрайымы Н.Сейдилова