Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«2022-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагы жыйынтыкталды

2022-жылдын 23-24-май күндөрү Жалал-Абад областында «2022-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын областтык туру болуп өттү.

Кароо-сынак кызуу жана  атаандаштыкта өтүп, чыгаан мугалимдер өздөрүнүн чыгармачылыктарын жана кесиптик артыкчлыктарын көрсөтө алышты. Калыстар тобу катышуучулардын эмгектерин калыс жана адилет баалашты.

Жыйынтыгында төмөнкүлөр байгелүү орундарды ээлешти:

1-орун - Абилов  М.К.  – Жалал-Абад шаарынын №5  Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын химия мугалими;

2-орун - Тойгонбай кызы Жазгул – Тогуз-Торо районунун №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин физика мугалими;

3-орун - Райымкулова А.М. – Сузак районунун №24 Г.А.Бакиева атындагы орто мектебинин биология мугалими;

3-орун - Анарбаева Ж.Ж. – Токтогул районунун №6 Мүкүбат атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими.

Төмөнкүлүлөр кароо-сынактын номинанттары болушту:

- Тухтаева Ё.А., Ноокен районунун №6 “Арал” орто мектебининкыргыз тили жана адабияты мугалими;

- Сартбаева М.И., Көк-Жаңак шаарынынн №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

- Бекмуратова Ж.Т., Чаткал районунун С.Дозонов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

- Салибаева А.К., Базар-Коргон районунун №7 М.Мамбекалиев атындагы мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;

- Намазбекова З.К., Майлуу-Суу шаарынын №2 орто мектебинин англис мугалими;

- Смаилова Ж.Ж., Таш-Көмүр шаарынын №7 К.Кузомбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

- Алтынбекова С.А., Кара-Көл шаарынын №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими;

- Кочкинбекова О.А., Аксы районунун №10 Ж.Мамытбеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими;

- Дүйшеналы кызы Буниса, Ала-Бука районунун №26 Жаңы-Шаар орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.

Кароо-сынактын катышуучуларына Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук Борборунун директору А.А.Токтосунов жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинын төрагасы А.А.Исмаилов тарабынан жакшы каалоо тилектер  билдирилип, “Ардак Грамоталар”, Дипломдор,  акчалай сыйлыктар жана 1-орунга Анталияга, 2-3 орундарга Ысык-Көлгө, номинантарга “Жалал-Абад” санаториясына жолдонмолордун сертификаттарын тапшырылды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров