Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында мугалимдер майрамы

Жалал-Абад шаардык билим берүү бɵлүмү менен билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинде мугалимдердин кесиптик майрамына жана карыялар күнүнɵ карата биргеликте иш чаралар болду.

       Билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик майрамына карата 2015-жылдын 2-октябрында Жалал-Абад  шаардык билим берүү бɵлүмүндɵ  жыйын ɵткɵрүлдү. Жыйынды Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов ачып берип, билим берщщ кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, жылуу кебин айтты. Билим берүү тармагына кошкон зор салымдары үчүн бир нече алдыӊкы мугалимдер  шаардык мэриянын Ардак Грамотасына татыктуу болушту.  Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин, билим берүү бɵлүмүнүн,  профсоюздун  шаардык комитетинин биргеликте түзүлгɵн үч тараптуу макулдашуунун талаптарына ылайык  алдыӊкы билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалап, педагогикалык стажы 30 жылдан ашкан  9  мугалимге  шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Ы.ϴ.Калчаев жана профсоюздун шаардык комитетинин тɵрайымы Тургунбаева З.А  менен биргеликте “Билим берүүнүн ардагери” тɵш белгиси , жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо кошкон салымдары щчщн  алдыӊкы мугалимдерге Ардак Грамоталар тапшырылды.   

     Мугалимдердин кесиптик майрамы менен катарлаш келген карыялар күнүнɵ карата  билим берүү тармагында кɵп жылдар бою эмгектенип, азыркы учурда  ардактуу эс алууда жүргɵн 20 ардагерлерге  шаарыбыздагы  Кыргызстан АКБ ,Росинбанк, ДКИБ филиалы демɵɵрчү болушуп, акчалай сыйлыктарын жана  баалуу белектерин тапшырышты. Кеченин калган бɵлүгүн Барпы драма театрынын жаш актерлору тарабынан даярдалган концерттик программасы коштоду.

Билим берүү кызматкерлер

профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети