Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуулар уланууда

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ала-Тоо эс алуу жайына Базар-Коргон районунун мектеп мугалимдери жана балдар бакчаларынын тарбиячылары барышып, эс алып келишүүдө. Ала-Тоо эс алуу үйүндө билим берүү кызматкерлери тамак-аш жана жатакана менен камсыз болушуп, эс алуу жакшы өттүдө.

Билим берүү кызматкерлери өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанып, ден соолука пайдалуу суусуна түшүшүп, кемелер менен көлгө, Ысык-Көлдүн кооз жерлерине жана Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсияларга чыгышууда.

Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлери дем алуудан ырахат алышып, көңүлдөгүдөй жакшы эс алуу болгондугун белгилешип, эс алдырып, колдоолор үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин жетекчилеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов