Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жагымдуу жайкы эс алуу

Чүй облусунун Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунун жана Токмок шаарынын 40 билим берүү кызматкерлери 2022-жылдын 19-июлунан 25-июлуна чейин Ысык-Көлдөгү "Санат" эс алуу борборунда эс алып келишти. Бул эс алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитети тарабынан уюштурулду. Эс алууда 2021-2022-окуу жылында жакшы көрсөткүч көрсөткөн директорлор, окуу бөлүмүнүн башчылары, мугалимдер жана кенже тейлөөчү кызматкерлер болушту. Эс алуу 6 күнгө созулду. Аталган эс алууга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун жолдомосу менен Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Дамира Жумалиева жетекчилик кылышты. Эс алуу менен бирге билим берүү кызматкерлеринин ортосунда ой пикир алмашуулар, суроолорго жооп берүүлөр жана маданий -маалыматтык иш чаралар уюштурулду. Мындан тышкары барган райондун билим берүү кызматкерлери тарабынан ар бир күнү кечинде кезеги менен "Ыр кесе" өздүк көркөм чыгармачылыгы уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетине Чүй облусунун билим берүү кызматкерлери терең ыраазычылык билдиришти. Эс алуу жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын жана билим берүу жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча көптөгөн маалыматтарга ээ болуп кайтышкандыктарын айтып өтүштү.

 

Маалыматты даярдаган: Чүй-Токмок райшаардык кесиптик бирлик комитеттери