Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жабыркагандарга жардам

28-июнь күнү катуу жааган жамгырдын натыйжасында Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында катуу сел жүрүп, анын кесепетинен жабыркагандар көп болду. Алардын ичинде билим берүү кызматкерлери – Абшыр-Ата орто мектебинин мугалимдери А.Мамазияева, А.Төрөбекова, С. Токтосунова, Т. Бекиев атындагы орто мектебинин мугалимдери Ж. Эшмаматова, С. Нурбаева да бар. Аталган мугалимдердин үйлөрүн сел каптап, олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Табияттын айттырбай келген кырсыгына байланыштуу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Н. Тажибаева селден жабыркаган мугалимдерге акчалай жардам көрсөттү жана ден соолуктарын чыңдоо үчүн эс алуу санаторийине жолдомо берди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети