Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өз укугунду билип жүр.

10-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү. Франциянын борбору Париж шаарында  1948-жылы 10-декабрда Адам укугунун жалпы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери адам укугу боюнча 30 эл аралык келишимге кол коюп, уюмдарга мүчө болуп кирген. Мындай кадам адам укугу боюнча кабыл алынган жалпы эл аралык принцип-нормаларга баш ийип, ошолордун жолу менен болууну талап кылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир жаран расасына, жынысына, тилине жана эркиндигине карабай бирдей экендигин белгилейт. Бүгүн Ноокен районундагы Достук айыл аймагында жайгашкан №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин жаштар кеңеши тарабынан тегерек стол уюштурулду. Анда Достук айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардын  жаш адистери катышышып, Адам укугунун жалпы декларациясы менен таанышышты. Ошондой эле №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин жаштар кеңешинин төрайымы Н.Башихтинова “Өз укугунду билим жүр” темасында доклад окуду. №21 “Фуркат” атындагы орто мектебинин мугалими Ш.Ахмадалиева тармактык профсоюз тарабынан да билим берүү кызматкерлеринин, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо, жакшы жана өз убагындагы эмгек акы, коопсуз эмгек шарттары багытындагы алгылыктуу иштери жаш адистерди кубандыраарын баса белгилеп өттү.

 Материалды даярдаган:

№26 Т.Анаркулов а.о.м. профкому

Н.Тургунова