Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көлдөгү көңүлдүү эс алуу

2022-жылдын 25-29-июль күндөрү Ноокен районунун мугалимдери “Кыргызстандын бермети” болгон кереметтүү Ысык-Көлдө эс алышты.

Экскурсиялык эс алуунун жүрүшүндө “Рух Ордо” маданий борборунда болушуп, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана музейи менен таанышышты.

Андан сырткары “Аврора”, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Золотые пески” пансионаттарында эс алышты.

Мугалимдер “Ала-Тоо” пансионатына жайгашышып, эс алууну уюштуруу жана каржылоо Билим  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин бюджетинен толук каржыланды.

Бул жылы жылдагыдан айырмаланып, 54 мектеп жана 2 балдар чыгармачылык үйүнөн бирден мугалимдин эс алуусу уюштурулду.

Биздин эс алууну жогорку денгээлде уюштуруп берген Билим  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетине терен ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: №14 И.Губкин атындагы орто мектебинин мугалими Ч.Турдуматова