Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Каракол шаардык профсоюз комитетинин жыйындар залында шаардагы мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары үчүн уюштурулган семинар болуп өттү. Семинар жагымдуу жагдайда баарлашуу менен башталды. Мугалимдер базар баасынын күн санап өсүп турган маалында айлык эмгек акынын 50 пайызга көтөрүлүшү кадимкидей эле сезилип калганын айтып кубанып отурушту. Шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор  менен кеңири тааныштырып, Борбордук Комитеттин эмгек акы жана социалдык –экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы Олимпиева Л.П. тарабынан даярдалган слайддардын ар бирине токтолуп түшүндүрүп берди.                                                                                                                       

Семинар-окуу  профсоюз активдерин  шаардык профсоюз комитетинин ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктарын тапшыруу менен аяктады.

Каракол шаары.