Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иш кагаздарды уюштуруу боюнча семинар өткөрүлдү

2021-жылдын 18-январында райондогу “Жаңылмырза” мектепке чейинки билим берүү уюмунда, мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчыларына “Мектепке чейинки билим берүү уюмунда иш кагаздарын уюштуруунун критерийлери” деген темада райондук билим берүү бөлүмү семинар өткөрдү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы З.Ажыбаев, райондук мамлекеттик архивдин жетекчиси Ч.Суранбаева, башкы адис А.Борончиева,  методист Т.Какаева катышты.

Семинардын максаты: Мектепке чейинки билим берүү уюмунда башкаруу документ менен камсыз кылууну өркүндөтүү жана иш кагаздарын уюштурууну жакшыртуу. Семинарда билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, профсоюз комитетинин төрагасы З.Ажыбаев иш кагаздарды туура, так жүргүзүү боюнча ой пикирин айтып беришти. Тогуз-Торо  райондук мамлекеттик архивдин жетекчиси Ч.Суранбаева бала бакчалар үчүн типтүү нускаманы түзүү аткаруу боюнча слайд менен көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Андан соң Жаңылмырза, Наристе, Айзирек мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башчылары иш кагаздардын типтүү нускамасынын негизинде иш жүргүзүүнүн критерийлери менен иш алып баруу боюнча тренинг өтүштү. Семинар максатына жетип, жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилөө менен жыйынтыкталды.

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети

Ажибаев Залкарбек