Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тегерек стол өткөрүлдү

Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин  жылдык  иш планынын  негизинде  тегерек  стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун  максаты:    -  кесиптик   бирлик  комитеттеринин лидерлеринин,  билим,  илим   кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык,  эмгектик  укуктарын  жана кызыкчылыктарын  коргоодо,  алардын  базалык  билим  деңгээлдерин  жогорулатуу;

-Тегерек столдон   алган билимдерин  практикада  колдонуу, баштапкы  уюмдардын  төрага, төрайымдарынын   арасында  чакан   тайпаларды  уюштуруп,  тегерек  столдорду  же  жана  башка  ыкмаларды  колдонуп  өткөрүү.

Иш чарага РПК, ШПК, жогорку  окуу  жайлардын  бириккен  кесиптик  бирлик  комитеттеринин  төрага, төрайымдары  жана  ОПКнын  аппарат  кызматкерлери катышты.

Тегерек столдо - кесиптик  бирликтин  негизги  милдети  болуп  саналган  кызматкерлердин  социалдык-экономикалык,  эмгектик  укуктарын  жана  кызыкчылыктарын  коргоо  жаатындагы  маселелер  камтылды.

Иш чара стандарттуу  эмес, эркин  баарлашуу  формасында  өткөрүлдү.

Соңунда кесиптик   бирлик  лидерлери  иш чарадан өздөрүнүн  ишинде  колдонуп, падалануучу тажрыйба  алгандарын билдиришти.

Ошентип иш чара өз максатына  жетти.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети