Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу-ийгиликке жол ачат

       Жакында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары Ө.Молдакматов баштаган топ Жалал-Абад облусунда болду. Топтун курамында кесиптик бирликтин Нарын райондук комитетинин төрагасы, кесиптик бирликтердин Нарын облустук кеӊешинин төрагасы М.Курманкожоев, кесиптик бирликтердин Ысык-Көл облустук кеӊешинин төрагасы Э.Садабаевдер болушту.

       Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинде өткөн жолугушууга обкомдун аппарат кызматкерлери, Ала-Бука, Ноокен, Жалал-Абад райшааркомдорунун жетекчилери, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Болотбековдер катышышты.

       Ө.Молдакматов Борбордук Комитет тарабынан билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Республикалык VI сьездинин жана андан кийинки Пленумдарынын токтомдорун турмушка ашырууда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

       Ал өз сөзүндө профсоюздук иштерди уюштурууда аймактар арасында өз ара тажрыйба алмашуу ийгиликтерге жетишүүдө өбөлгө жарата тургандыгына басым жасады. Бүгүнкү жолугушуунун максаты да ушул маселеге багытталгандыгына токтолду.

       Топтун мүчөлөрү обкомдун кызматкерлерине түзүлгөн шарттарга кызыгышып, профсоюздук документтердин жүргүзүлүшү боюнча баалуу пикирлерин жана сунуштарын беришти. Ошол эле учурда, обком тарабынан жүргүзүлүп жаткан айрым иштердин алгылыктуу жактарын өздөрүнө кабыл ала тургандыктарын белгилешти.

       Жолугушуунун жыйынтыгын обкомдун төрагасы А.Исмаилов чыгарып, алака-мамилени мындан ары да тереӊдетип, тажрыйба алмашып туруунун пайдалуу жактарына токтолду.

       Омоктуу ойлору жана баалуу көрсөтмөлөрү үчүн топтун мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү