Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2013» сынагы өткөрүлдү.

Таш-Көмүр  шаардык билим берүү  бөлүмүнө  караштуу 14 мектеп,10 мектепке чейинки билим  берүү  уюму,2 мектептен  сырткаркы  мекемелер бар. Жалпы  449 мугалим ,мектептен тышкаркы,мектепке чейинки мекемелерде 43 педагогикалык кызматкер эмгектенет. Быйылкы окуу жылында «Жылдын мыкты мугалими-2013» сынагы жарыяланып ,мектептердин  мугалимдеринин  ичинен 8 мугалим сыноого катышты. Алар К.Осмонкулов  атындагы  №2 гимназия класстары бар  орто мектебинин  англис тили мугалими А.Нарбиева,Токтогул атындагы №4 орто мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Султанмуратова, В.И.Ленин  тындагы №5  орто  мектебинин  кыргыз тили  жана адабияты  мугалими А.Чокморова, Т.Уметалиев  атындагы В.И.Ленин  атындагы №5 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Чокморова,Т.Уметалиев атындагы №6 орто  мектебинин  биология  мугалими Н.Макелеева, К.Кузембаев  атындагы №7 гимназия класстары  бар орто мектебинин биология мугалими Ч.Ибраимова, А.Осмонов атындагы №10 орто мектебинин география мугалими Б.Камчыбекова ,М.Темирбаев атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Сарбакишова, А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.Сулайманова. Сынак К.Кузембаев атындагы №7 гимназия класстары бар орто мектебинин базасында уюшулуп, үч этап менен өттү. 1-этап предмети  боюнча сабак өтүү ,2-этап предмети боюнча  тест,педагогика-психологиядан тест,3-этап  өзүн-өзү  тааныштыруу  болду.

«Жакшы сабакка мен өмүр бою даярданам»,-деп В.А.Сухомлинский айткандай ар бир сынактан катышуучусунун сабагы салттуу көрүнүштөн сырткары, окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен  кызыктуу болду.Мугалимдин беделин жогорулатуучу негизги сапаттар: жөнөкөйлүк, боорукерлик,эмгекчилдик, сабырдуулук,эн башкысы-билимдүүлүк эмеспи, ошол себептөңар бир конкурсанттын сабагына катышкан окуучулар,комиссия курамы ыраазы болушту.

Жыйынтыгында, баш байгени К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия  класстары бар  орто мектебинин  англис тили мугалими  А.Нарбиева  женип  алды.

1-орунга 2 катышуучу чыкты: К.Кузембаев атындагы №7 гимназия класстары бар орто мектебинин биология мугалими Ч.Ибраимова,  Токтогул атындагы №4 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Султанмуратова.

2-орунга 2 катышуучу чыкты: А.Осмонов атындагы №10 орто мектебинин география мугалими Б.Камчыбекова , Т.Уметалиев атындагы №6 орто мектебинин биология мугалими Н.Макелеева.

3-орунга 3 катышуучу чыкты: В.И.Ленин атындагы №5 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Чокморова,  М.Темирбаев атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Сарбакишова, А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.Сулайманова.

Сынактын  катышуучулары билим  берүү , илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан 12000 сом акчалай сыйлык,ар бир катышуучу үчүн атайын даярдалган  гүл-букеттер  менен сыйланды.Таш-Көмүр  шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 15000 сом акчалай сыйлык, Ардак грамоталар катышуучуларга тапшырылды.  Баш байгени жеңген  А.Нарбиевага  Таш-Көмүр ШБББнын кызматкерлеринин кесиптик кошунунун төрайымы Г.Эргешова «мыкты мугалим-2013» лентасын такты.Катышуучуларга  билим берүү ,илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Г.Эргешова, ШБББнын башчысы Т.Шабданов ,шаардык мэриянын вице-мэри А.Темирбаева ийгилик каалады. Сынактын аяктоо мезгилиндеги  катышуучулардын  жөзүн  көрүп  туруп «Ой гүлдөрү» китебиндеги төмөнкү сөздөр  эсиме түштү:     Бактылуу болуу деген эмне?

Биринчиси,ушул жарык дүйнөдөуй –бүлөө  менен чогуу жашап жатканың, экинчиси, бир кесиптин ээси болуп эл менен бирге(коллективде) эмгектенип жатканың ,үчөнчүсү ,  өз ишиндин  ийгилиги  үчүн  эл-журттан алган алкышың, ыраазычылыгың…  Ар бир катышуучуну мектептин профкомдору,директорлору,ата-энелер куттукташты. 

 

 

 

Маалыматты  даярдаган  Билим  берүү, илим кызматкерлеринин  профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык  комитетинин төрайымы 

Г.Эргешова