Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар тапшырылды

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мектеп директорлорунун кезектеги коллегиясы болуп өттү.

Коллегиянын алдында окуучулардын предметтик олимпиадасынын областтык турунда 1-2-3-орунга жетишкен жана республикалык олимпиадага катышкан окуучулардын мугалимдери жана мектептердин директорлору Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасы  жана  акчалай сыйлыктары  менен сыйланышты.  

Ошондой эле “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын райондук этабында байгелүү орунга жетишкен - 38  мугалимге Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 1-2-3 даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети