Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сынообу же …?

Бирдиктүү   бажы  биримдигине  кирүү  билим  берүү   кызматкерлерин   дагы

 бир   ирет  сынайт  же кыйнайт  окшойт.  Аз  эмгек  акы менен  иштеп,

 күндөлүк  турмуш- тиричилигин   араӊ   өткөрүп  жаткан  мугалимдерге  кыйын

 эле болчудай.  Бүгүнкү   күндө  бажы   биримдигине   жеткирбей  эле   базар

 экономикасы  мугалимдерди  кекиртектеп    алган.  Күн  санап  базардагы

 баалар  көтөрүлүп,  кымбаттап  келет. Ал эми  бечара   мугалимдердин  эмгек

 маянасы  ошол  бойдон   көтөрүлбөй,  тормоздолуп  турат. Ал  жөнүндө

 ойлогон  жана ойлонгон   адам  жоктой.  Учурда   айыл  жериндеги

 мектептерде    эмгектенген  мугалимдердин   көпчүлүгү  пенсиядагы  жана

 пенсия   курагындагылар. Эмгек  маянанын    аздыгынан жаш  кадрлар 

 мектепке  келбей  жатат. Эгерде  бирдиктүү бажы   биримдигине  кирсек

 жаштарыбыздын  жана   жаш  кадрларыбыздын  чет  өлкөлөргө  чыгуу  

 агымы  жогорулайт.

 

Кыргыз  Өкмөтү мамалекеттин  келечегин   ойлогон  болсо  билим берүү

 кызматкерлеринин  эмгек  маянасын  карап  чыгып,  тез  арада  көтөрүлсө

 зарыл  деп  ойлойбуз.  Бул  маселе  республикабыздын  бардык

 мугалимдеринин  жүрөгүн  өйүгөн  маселе  экендиги  турмуш   чындыгы.

 

    Өзгөн   району.