Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта мугалимдер үчүн актуалдуу маселе боюнча семинар өткөрүлдү

Сузак райондук Билим берүү бөлүмү,Барпы айыл аймагында демилгелүү жаштар тобу жана билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте «Жалпы республикалык тестке мугалимдерди даярдоо керек» темасында №1 Мадумар-Ата жалпы билим берүүчү орто мектебинде 4 күндүк семинар тренинг өтүлдү.
Семинарга бардыгы болуп Сузак районуна караштуу мектептерден 93 мугалим катышты. Семинардын жыйынтыгы боюнча мугалимдерге билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сертификаттары тапшырылды.

Аткарган: М.Примкулов