Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада старт алды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында ректораттын жана кызматкерлердин кесиптик бирлик комитетинин эки тараптуу келишиминин негизинде жыл сайын өтүп туруучу “Ден соолук-2022” аталышындагы спартакиада 10-январь күнү старт алды. Алгачкы таймашуулар шахмат жана тогуз коргоол боюнча башталды. Мелдеш “Ден соолук” борбору тарабынан атайын үч тараптуу биргелешип иштелип чыгылган Жобого ылайык спорттун алты түрүн камтып, ага колледждерден сырткары жети команда катышууда. Башкы максат ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында дене тарбия маданиятын жана спортту пропогандалоо менен дени сак жашоо образын күчөтүү, сергек жашоого үндөө, аны калыптандыруу жана да Ысык-Көл облусунда жыл сайын өтүүчү “Ден соолук” спартакиадасына катышуучуларды тандоо.

Сартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, кызматкерлердин кесиптик бирлик комитетинин  төрайымы Минавар Маткаримовалар  сөз сүйлөшүп, бардык командаларга ийгиликтерди каалап, башкысы жеңиш эмес ынтымак экенин баса белгилешти.

Бүгүнкү күнгө карата “Ден соолук-2022” спартакиадасынын алкагында өтүп жаткан таймаштардан тогуз коргоол жана шахмат оюну боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылгандыгы айкын болду.

Тогуз коргоол оюну боюнча жыйынтык :

Мырзалар арасында

I орунду - Медицина факультетинин командасы

II орунду - Педагогика жана маалымат-технологиялар факультетинин командасы

III орунду - Табигый-техникалык факультетинин командасы ээлеген.

Айымдар арасында  

I орунду - Табигый-техникалык факультетинин командасы  

II орунду - Филология факультетинин айымдар командасы

IIIорунду - Педагогика жана маалымат-технологиялар факультетинин айымдар командасы багындырышты.

Шахмат оюну боюнча жыйынтык:

Мырзалар арасында

I орунду - Медицина факультетинин командасы

II  орунду - Административтик башкаруу кызматкерлеринин командасы

III орунду - Кичи көмөк көрсөтүүчү кызматкерлердин командасы

Айымдар арасында

I орунду - Педагогика жана маалымат-технологиялар факультетинин айымдар  командасы 

II орунду - Филология факультетинин айымдар командасы

III орунду - Медицина факультетинин командасы ээлешти.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети “Ден соолук-2021” спартакиадасында  структуралык бардык түзүмдөрдүн командаларынын ар бир мүчөсүн атайын спорттук форма менен камсыз кылган. Ал эми  тармактык профсоюздун Жала-Абад областтык комитети да каржылык колдоо көрсөтүштү. Быйылкы “Ден соолук-2022” спартакиадасында да колдоо көрсөтүлмөкчү.

Профсоюз – өзүнүн мүчөлөрүнүн ден соолугунун чың болуусу үчүн кам көрөт!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова