Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар өткөрүлдү

2021-жылдын 29-декабрында Жалал-Абад областындагы профсоюздун Чаткал райондук комитети райондун билим берүү уюмдарындагы баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары менен жамааттык келишимдердин, үч тараптуу макулдашуулардын социалдык өнөктөштөр тарабынан аткарылышына көзөмөлдүн жүргүзүлүшүн жакшыртуу максатында иш алып баруу, ошондой эле жумуш орундарында коопсуздук жана гигиеналык эрежелердин сакталышын алдын-алуу боюнча кеңейтилген семинар өткөрүлдү. Семинарга жер-жерлердеги баштапкы профсоюздун төрагалары активдүү катышып, суроо жооптор менен толукталды. Семинардын ишин профсоюздун Чаткал райондук комитетинин төрагасы Ы.Кудайбердиев алып барды жана райондук комитеттин президиумунун мүчөлөрү катышып сөз сүйлөштү.

Семинардын аягында төрага Ы.Кудайбердиев бул маселе боюнча баштапкы профсоюздук комитеттин төрагаларынын алдына чоң милдеттерди коюп семинарды жыйынтыктады. Семинар өз деңгээлинде өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Чаткал райондук КБКнын төрагасы Ы.Кудайбердиев