Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук спартакиада

Ноокат районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында достукту, ынтымакты жана кызматташууну бекемдөө, сергек жашоо образын пропагандалоо максатында, спорттун 6 түрүнөн райондук спартакиада болуп өттү.

Спартакиаданын ачылышына билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Ош облустук комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Н.К.Тажибаева катышып, спортчуларга ийгиликтерди каалашты. Спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети